Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын съединен кийин журналисттерин алдына чыгып сүйлөдү.

Журналисттер ага президенттик кызматтан кеткенден кийин эмне үчүн саясаттан кетпей Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын төрагасы болуп алгандыгы тууралуу суроо узатышканда ал кетип деле калмак экенин, бирок кетпегенин айтты, анткени партияга керек болгон.

Атамбаев өлкө башчысы болуп турган учурунда мөөнөтү аяктаган соң музыка менен бизнеске кетээрин айткан. Бирок 2017-жылы февралда Орусиянын президенти Владимр Путин менен жолугушкандан кийин саясатта калаарын жарыялаган.

Өлкөнү анын мураскери Сооронбай Жээнбеков жетектей баштаган соң мурдагы жана учурдагы лидерлердин ортосундагы мамиле солгундап кеткен. Атамбаевдин тарапкерлери коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иштеринин фигуранттарына айланышып, ал эми КСДПнын мүчөлөрү учурдагы жана экс президентти колдогондор деп эки жаатка бөлүнүп кетишкен. Андан тышкары, Атамбаев жана анын тарапкерлери президент Жээнбековго оппозиция болуп калышкан.