Ниязов менен Илмиянов КСДПнын саясий кеңешинен кетишти — партиядан алар ыктыярдуу кетишти деп айтышты

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын эки үзөңгүлөшү Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин жаңы курамына кирбей калышты.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева фейсбук барагында жазгандай, Ниязов «жаш муунга жол берүүнү чечкен», ал эми Илмиянов партиялык иштерден «чегинген». Ошол эле маалда Ниязов да, Илмиянов да КСДПнын мүчөсү бойдон кала беришет.

КСДП партиянын саясий кеңешинин жаңы курамын 6-апрелде бекитти. Ал жакка 42 адам кирди. Лидер катары экс-президент Алмазбек Атамбаев калды. Саясий кеңешке коррупцияга айыпталып, тергөө изоляторунда отурган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов кирди. Партиядан алар «саясий жүйөө» менен камакта отурушат деп эсептешет.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов — экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын тарапкерлери. Алар Атамбаевдин тушунда ар кандай чоң мансаптуу кызматтарды ээлеп турушкан.

Бирок Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуудан кийин Илмияновго каршы коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, ал эми Ниязов президенттин администрациясынын башчылыгынан кетип, Атамбаевдин КСДПдагы орун басары болуп калган.

Акыркы убактарда Ниязов учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана парламенттин депутаттары Атамбаевди сынга алышканда экс-президентке ачык эле болушуп жүргөн.

Илмиянов болсо 2018-жылдын күз мезгилинен тарта тергөө изоляторунда отурат жана өлкөнүн саясий жашоосунда эч кандай роль ойнобойт. Аны 150 миң доллар пара алган деп айыпташууда.