Кыргыз ЖМКлары Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин (УКМК) мыйзам долбоору жөнүндө жазып чыгышты. Документте атайын кызматтардын жарандардын жеке маалыматтарына болгон жеткилигин кеңейтүү сунушталган болушу ыктымал. Чынында УКМКда бул укук ансыз деле бар.

УКМК өзүнүн башка мыйзамдарга өзгөртүүлөрүн коомдук талкууга 1-апрелде чыгарган. Кыргыз ЖМКлары УКМК жарандардын жеке маалыматтарын алуу боюнча өз ыйгарым укуктарын кеңейтүүдө деп жазып башташты.

Мисалга алсак, «Азаттык» радиосу «УКМКнын өзгөртүүлөрү жарандардын кат алмашуусунун сырдыгына, үй-мүлктүн кол тийбестигине жана алардын биометрикалык паспортторго болгон укугана тийиштүү» деп билдирет.

24.kg басылмасы болсо атайын кызмат кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын алардын макулдугу жок эле ала алат деп жазып чыккан.

Чындыгында УКМК учурда иштеп жаткан 13 мыйзам менен эки кодекске «контрчалгындоо» жана «чалгын-жардыруу» ишмердиги сөздөрүн кошууну сунуштаган.

Ошентип биометрика тууралуу мыйзамды «сырткы чалгын жана контрчалгындоо» ишмердиги сөздөрү менен кошумчалоо сунушталууда. Мыйзамдын өзүндө жазылгандай, УКМК жарандардын биометрикасын сот чечимине ылайык жана коррупцияга каршы күрөшүү максатында аларга билдирбейстен эле ала алат.

Андан тышкары, атайын кызмат кыргызстандыктардын биометрикасын сотко кайрылбастан эле ала алышат — бул үчүн биометрика ээсинин жазуу түрүндөгү уруксаты гана жетиштүү.

УКМК жана күч түзүмдөрү тергөө учурунда жарандардын кат жазышуулары менен телефон чалууларын уга алышат — бул Кыргызстандын Жазык-процесстик кодексинде жазылган.

Атайын кызмат өз мыйзам долбоорун кантип түшүндүрүүдө?

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Азаттыкка» билдиргендей, мыйзамдардын бир катарына түзөтүүлөрдү киргизүү «чалгындоонун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет». Бирок Сулайманов чалгынга жарандардын жеке маалыматтарынын кандай тиешеси бар экенин түшүндүргөн жок.

УКМКнын басма сөз кызматынан сунушталып жаткан түзөтүүлөр тууралуу кеңири айтып берүүдөн баш тартышты. «Ошол жактан [мыйзам долбоорунан] карагыла. Ал жакта бардыгы жазылган», — деп айтышты УКМКдан «Клоопко».

Атайын кызмат өз мыйзам долбоорунда бул түзөтүүлөр Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыздоо үчүн керектелээрин түшүндүрөт.