Бурулайдын иши: Сот үч милиционерди айып пулга жыгып, экөөсүн актады

9-апрелде өткөн сот отуруму. Скриншот: «Азаттык»

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнө алып келген окуяда үч милиционерди шалаакылык беренеси менен күнөөлүү деп тапты. Патрулдук милициянын эки кызматкери акталды.

«Илич Иманалиев, Эржан Кадышев, Мирлан Макеев “Шалаакылык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, ар бири 260 миң сомдон [мамлекеттин пайдасына] айыпка жыгылсын жана алардан жабырлануучу Кожоналиевдин пайдасына [Бурулайдын атасы] 100 миң сом өндүрүлсүн», — деп окуду чечимди судья.

Сот патрулдук милициянын эки кызматкери Замир Байтереков менен Замир Айткожоевди актады, анткени маркум кыздын атасы аларга доомат коюудан баш тарткан.

«Байтереков менен Айткожоевдин кылмыш иши жабырлануучу Кожоналиев менен ымалага келишкендигине байланыштуу токтотулсун, алардан эч жакка кетпөө тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп алынсын», — деди судья.

Адам өлтүрүү боюнча иште беш милиционер айыпталган. Тергөө алардын шалаакылыгы Бурулайдын өлүмүнө алып келди деп эсептеген.

Прокурор Адилет Шыгаев 29-март күнү сот отурумунда айыпталуучулардын ар бирин беш жылга эркинен ажыратууну суранып, алардын күнөөсү «толугу менен далилденди» деп билдирген.

Милиционерлер өздөрүнүн акыркы сөздөрүндө судьядан аларды актоосун жана адилеттүү өкүм чыгаруусун суранышкан. Айыпталуучулардын адвокаты сот ишти кошумча иликтөөгө жөнөтүшү керек деп эсептеген.

Ошондой эле маркумдун атасы Турдалы Кожоналиев кызы киши колдуу болгон күнү милиция бөлүмүндө 11 кызматкер болгону менен кылмыш жоопкерчилигине бешөө гана тартылып жаткандыгын айткан. Анын айтымында, тергөө тарабынан айыпталып жатышкан патрулдук милициянын эки кызматкеринин Бурулайдын өлүмүнө тиешеси жок.

«ЖККББнын эки кызматкеринин чын эле тиешеси жок [...] Эмне үчүн кызымды РИИБден алып кетүүм үчүн менден сүйүнчү сураган неме жоопко тартылбайт? Тергөөчү Абылаева болуп жаткандын бардыгын видеокамерага тарткан эмес», — деди Кожоналиев.

Коомчулукта чуу жараткан Бурулай Турдалы кызынын өлүмү 2018-жылы 27-майда милициянын бөлүмүндө жүз берген. Маркум кыздын өлүмү боюнча ишти президент Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Бурулайды ошол күнү үйлөнүү үчүн досу менен ала качкан Марс Бөдөшов өлтүргөн. Бөдөшов кыздын өлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2018-жылы декабрда 20 жылга кесилген.

Ошондой эле 23 милиционер жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен айрымдары бошотулуп, дагы башкаларына катаал сөгүш жарыяланып, үчүнчүлөрүнө карата сыноо мөөнөттөрү берилген.