«КСДПнын төрагасы Атамбаев болгон жана боло да берет» — партия Турдукуловго жооп берди

Жарандык активист Адил Турдукулов КСДПнын саясий кеңешинин курамына кирип, партияны жетектөө дымагы тууралуу билдирди. Ал 2004-жылдан тарта эле партиянын мүчөсү болгон, бирок Атамбаев президент кезинде оппозиционер болуп, бийликти бир нече ирет сынга алып турган. Учурда КСДПнын лидерлигин Атамбаев ээлейт.

«Менин прагматикалык максаттарым бар экенин эсептен чыгарбайт элем. Атамбаев өзү деле башкарууну мага өткөрүп берээрин бир нече жолу айткан. Келечекте анын ордун ээлеп калуу дымагым бар», — деди Турдукулов.

КСДПдан мындай сүйлөшүү Турдукулов менен Атамбаевдин ортосунда 2006-жылы болгонун тастыктап, бирок Атамбаев бардык жаш партиялаштарга «жетекчиликти өз колуңарга алгыла» деп айтаарын кошумчалашты.

«Экс-президент элита алмашышы керектигин далай айткан. Өлкөнү жаңы» адамдар, саясатчылар жана жаңы муундун менежерлери башкарышы керек. Партияда да ушундай болушу керек [...] Бизде күчтүү лидердер көп. Ал эми КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев болгон жана азырынча боло да берет» , — деп жазган Жолдубаева фейсбук барагында.

КСДП 6-апрелде саясий кеңештин жаңы курамын тандады. Ага 42 адам кирип, арасында тергөө изоляторунда отурган Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов да киришти. Бирок саясий кеңештен өз каалоосу менен Атамбаевдин жакын эки тарапташтары чыгышты — Фарид Ниязов менен Икрамжан Илмиянов.

КСДПдагы орун алмашуулар Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында өтүүдө. Азыр өлкөнүн эң чоң партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен.КСДП өзүн учурдагы бийликке оппозиция деп жарыялаганы менен фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.