Ташиев Атамбаев менен Жээнбековду элдин бакубатчылыгы үчүн элдешүүгө чакырды

Экс-депутат Камчыбек Ташиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосунданы чырдашуу «чоң жаңжалга» алып бараарын билдирди. Ал эки саясатчыны мамиле такташууну токтотууга чакырды.

«Бул элди бөлүп, экономиканы алсыратып, абалды курчутуп жатат. Мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турушу керек», — деп билдирди ал.

Ташиев Ош менен Жалал-Абаддын тургундары саясий куугунтуктоолорго нааразы экенин айтты.

«Эки президенттин тиреши коомду экиге бөлүп салды, ал тынчтыкты бузуп, саясий абалды кескин бузуп жатат [...] Биз бул трагедиянын алдын алышыбыз керек», — деди Ташиев.

Ошондой эле саясатчы Сооронбай Жээнбековду сындап, анын президенттигинин учурунда өлкөдө күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр болгон жок деп айтты.

Камчыбек Ташиев Кыргызстандын ири партияларынын бири «Ата-Журтту» жетектейт. Саясатчы бир нече жолу парламенттин депутаты болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ал бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп, президенттик жарыштан өз талапкерлигин алып салган.

Буга чейин Ташиев бир нече жыл бою президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун жакын үзөңгүлөшү болуп келген. Ал тургай, саясатчылар парламентке өтүү үчүн 2015-жылдагы шайлоодо өз партияларын бириктиришкен.

Учурда Ташиев кайрадан Бабановду ачык колдоп, Жээнбековду сындап жатат.