Баткен: Эмдөөдөн кийин жети мектеп окуучусу ооруканага түштү

Иллюстративдик сүрөт / EPA

Баткен облусунда кептөөр жана селейме ооруларына каршы эмдөөдөн кийин жети мектеп окуучусу ооруканага жаткырылды. Балдардын алтоосу ооруканадан чыгыралган, бирок бир окуучу дагы деле врачтардын кароосунда болууда.

Саламаттык сактоо министрлиги 10-апрелде билдиргендей, атайын комиссия бешинчи класстын 12 окуучусунун абалы эмне үчүн начарлап кеткенин аныктоо үчүн Баткен облусуна жөнөп кеткен. Балдар эмдөөдөн кийин өздөрүн начар сезе башташканына даттанышкан. Алар кускулары келип, алсырап, айрымадары эс учун жоготуп кулашкан.

Врачтар 9-апрель күнү жети окуучуну ооруканага, дагы эки баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Жалпысынан 73 окуучу эмдөөдөн өткөн.

Медиктер ооруканадан алты баланы чыгарышкан, бирок бир окуучу кыз дагы деле врачтардын кароосунда калууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул эмдөөнүн кийин балдарда кыйыр таасир байкалган биринчи учур.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 10-апрель күнү басма сөз жыйында билдиргендей, кептөөр жана селейме ооруларына каршы бул вакцинаны 85 миңден ашуун кыргызстандык алган.

«Баткенде пландалган иммунизациялоо болгон [...] балдар менен болсо психогендик реакция — ийнеден коркуу болгон. Эмдөөнүн бул сериядагы вакциналарынын мөөнөтү 2021-жылдын январына чейин. Атайын транспорт вакцинаны Баткенге муздак жайдын ичинде жеткиришип, алар муздак баштыктарда сакталат», — деди Ишенапысова.

Анын көз карашын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Кубанычбек Моңолбаев да колдоду. Ал балдардын абалы начарлап кеткенине коркунуч себеп болушу мүмкүн деп эсептеди.

«Бала коркуп калышы мүмкүн, ошондуктан организм ушундай реакция кылды. Аталган вакцияна коопсуз жана оор натыйжаларды жаратпайт», — деди Моңолбаев.

Кыргызстан эл аралык ЮНИСЕФ уюмунан вакцина алат. Өлкө кептөөр жана селеймеге каршы 400 миңден ашуун вакцина алган.

Кыргызстанда акыркы үч жылда өз балдарын эмдетүүдөн баш тарткан адамдардын саны көбөйдү. Ата-энелер баш тартуунун негизги себеби деп диний көз караштарды айтышууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмне үчүн сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүү керек? Түшүндүрөбүз

«Аллах дартты жөнөткөн, ошондуктан дарылангыла» — муфтият эмдөөнү колдоду