Бир кадр менен: «Ата Мекен» «Атамбаев камалсын» деген плакатты илип койгон — бул КСДПны кыжырдантты

Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын кеңесинин дубалында илинген портрети. Сүрөт: 24.kg

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева «Клоопко» билдиргендей, партиянын кеңсесинин дубалында «Атамбаев камалсын» деген жазуусу бар плакаттар илинип турат.

Экс-президенттин сүрөтү тартылган плакаттардан тышкары, дубалда мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев жана анын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев «камалсын» деген талаптар илинген. Алардын бардыгы бул кызматтарды Атамбаевдин тушунда ээлешкен.

Экс-президентти жана анын тарапкерлерин жоопкерчиликке тартуу талаптары партиянын кеңсесинин жанында бир айга чукул убакыттан бери илинип турат.

«Ата Мекендин» катчылыгынан билдиришкендей, аларга КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү кайрылып, плакаттарды алып салууну талап кылышкан, анткени бул «адепсиз». Бирок аларды алуудан баш тартышкан.

«КСДПга келип кеткендер муну адепсиз жана ким кылмышкер, ким кылмышкер эмес экенин сот гана чечет деп эсептешет. Бирок “Ата Мекен” партиясы мамлекеттин мурдагы башчысын кылмыш жоопкерчилигине тартууга аракет кылат жана портретти дубалдан алуу ниетибиз жок», — деп билдиришти катчылыктан.

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

Контекст: «Ата Мекен» оппозициялык партиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевди дайыма сынга алат, анткени анын тушунда соттор партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевди жана анын негизги үзөңгүлөштөрү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовду коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан. Азыр Текебаев абакта жаза өтөп жатат, Салянованын жазасы кызы кичинекей болгондуктан жылдырылган, ал эми Шыкмаматов болсо беш миллион сом өлчөмүндө штрафка жыгылган. Алардын бардыгы Атамбаевдин саясатын жана анын 2016-жылы кабыл алынган Конституцияга түзөтүүлөрүн сынга алышкан.