Урматтуу Кыргызстандыктарым, Күндү кечиктирбей, мен үчүн эң сүйүнүчтүү болгон кабарды сиздер менен бөлүшөйүн дедим....

Posted by Омурбек Бабанов on Wednesday, April 10, 2019

Мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов 10-апрель күнү билетинин сүрөтүн жарыялады. Ал Кыргызстанга 13-апрелде учуп келээрин жазган.

«Сиздер менен жүз көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам! Жакында көрүшкөнчө, кымбаттуу элим!» — деп жазды Бабанов.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Шайлоода ал экинчи орунга чыгып, утулганын моюнга алып, өлкөдөн чыгып кеткен.

Кийинчерээк шайлоодон кийин Бабановго каршы эки кылмыш иши козголгон: биринчи иш боюнча аны бийликти күч менен басып алууга, экинчи иш боюнча — улуттар аралык кастыкту козутууга айыпташкан. Бизнесмен өз дарегине тагылган айыптарды «такыр маанисиз» деп атаган.

Ошол эле жылдын 30-декабрында Бабанов саясаттан кетип жаткандыгы тууралуу жар салган. Ал өз депутаттык мандатып тапшырып, чоңдугу боюнча өлкөнүн экинчи орунунда турган «Республика — Ата-Журт» партиясынын башчылыгынан кеткен.

Бул окуялардан бир жарым жыл өткөндөн кийин саясатчы анын өлкөдөн чыгып кетиши экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин айтып чыкты. Ага ылайык, экс-президент менен учурдагы президент саясатчыга карата кылмыш куугунтуктары менен анын тарапкерлерине кысым көрсөтүүнү токтотуулары керек болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Саясаттан кетүү, «Республиканын» 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышуусу жана Кыргызстанга кайтуу. Бабановдун интервьюсунун башкылары