Исхак Масалиев

Эгерде [бийликке] каршы күрөштү экс-президент, долларлык миллионер болуп калган адам, Жогорку Кеңеште эң чоң фракциясы бар партиянын лидери баштаса, анда коомчулукта такыр башкача абал пайда болот. Ал кишинин айылы, тууган-уруктары борборубузга жакын жайгашса дүрбөлөң уюштурууга толук мүмкүнчүлүк бар. Экстин [Атамбаевдин] мүнөзүн баарыбыз билебиз.


Масалиев бул тууралуу Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында билдирди.

Саясатчылардын араздашуусунун айынан КСДП экиге бөлүнүп калды: парламенттик фракция азыркы президентти колдоорун билдирсе, ал эми социал-демократтардын экинчи бөлүгү Атамбаев менен чогу оппозицияга кеткен.

Ошондой эле Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында Кыргызстандын парламенти экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзамды кабыл алган. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Масалиев болгон.

Алмазбек Атамбаевди колдогон социал-демократтар 7-апрелде эгер президент «каталарын оңдобосо» митингдерди өткөрүүшөөрү тууралуу билдиришкен.

Алар өз тарапташтары экс-премьер Сапар Исаков жана Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун үстүнөн ачык сот өткөрүүнү, ошондой эле бардык конституциялык талаптардын сакталышын талап кылышкан.