Фарид Ниязов

Контекст: Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 9-апрелде өзүнүн фейсбук барагында пост жазып, анда ал Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы чырдын чыгышына эмне себеп болгондугу тууралуу айтып берген.

Эртеси күнү анын билдирүүсүнө Жээнбековдун администрациясынын мурдагы башчысы жана Атамбаевдин эң жакын тарапташтарынын бири Фарид Ниязов комментарий берди. Ал президенттердин жаңжалы тууралуу Стамалиеванын версиясын «болбогон сөз» деп атады.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы чыр эмнеден башталган?

Толгонай Стамалиеванын версиясы:

Атамбаев менен анын мураскеринин ортосундагы араздашуу Жээнбеков Кыргызстандын президенттик кызматына киришкен соң жети күндөн кийин башталган.

Атамбаев өзүнүн мураскери Сооронбай Жээнбеков анын кеңештерин укпай кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Минскте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөнүнө нааразы болуп калган.

Фарид Ниязовдун версиясы:

Стамалиеванын айткандары — болбогон сөз. Алмазбек Атамбаев эки тараптуу сүйлөшүүлөргө кубанган. Ал бул жолугушуулардын маанилүүлүгүн Жээнбеков менен талкуулаган. Бирок алардын ортосундагы чыр кийинчерээк чыккан. Ниязов саясатчылардын ортосундагы чыр-чатактын себебин айткан жок.

2017-жылдагы шайлоонун алдындагы президенттик жарыш

Толгонай Стамалиеванын версиясы:

Атамбаев КСДПдан президенттикке жалгыз талапкер катары Жээнбековду дароо эле колдой койгон эмес. Ал Чыныбай Турусунбековду да, Өмүрбек Бабановду да колдогон.

Фарид Ниязовдун версиясы:

Жээнбеков президенттик орунга КСДПдан дайыма биринчиде турган талапкер болчу. Ошондуктан гана «ал жетекчилик орундарга жылып отуруп», премьер-министр болгон. Атамбаев Жээнбековдун жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, Өмүрбек Бабановдун рейтингин түшүрүү үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Бабанов менен жолуккандыгы үчүн аны сынга алган эле.

Президенттик жарыш учурунда Жээнбековдун премьер-министрлик кызматтан кетиши

Толгонай Стамалиеванын версиясы:

Атамбаев Жээнбеков президенттик кызматка ат салыша баштаганда андан өкмөт башчылык кызматтан кетүүнү талап кылган. Бирок Атамбаев өзү 2011-жылы президенттик кызматка талапкер болуп калганда премьерлик кызматтан кетпей эле өз милдетин убактылуу токтотуп гана койгон.

Фарид Ниязовдун версиясы:

Жээнбеков атактуулук боюнча жаш Бабановго утулуп бараткан. Ошондуктан бийлик аны премьерлик кызматтан кетүүсүн суранган, анткени команданы күчөтүү үчүн анын ордун жаш саясатчы Сапар Исаков ээлелеши керек эле.