Чүй облусунда милиционер сүзгөн адам мүрт кетти

Иллюстративдик сүрөт

Сокулук районунун ички иштер органдарынын кызматкери Чүй облусунун Шалта айылында бир адамды сүзүп алды. Жол кырсыгына кабылган адам алган жаракаттарынан улам каза тапты.

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы авария 10-апрель түнү болгонун маалымдады.

«Бул факт боюнча ыкчам тергөө тобу жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери 29 жаштагы О.М.нын башкаруусундагы «Дэу Нексия» жөө адамды сүзүп кеткенин аныкташкан. Болжолдуу маалымат боюнча, 37 жаштагы Б.Р. жолго чуркап чыгып, айдоочу унааны бура албай калган. Жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам каза болду», — деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Жол кырсыгына кабылган адам алган жаракаттарынан улам каза тапкан. Машинанын айдоочусу Чүй облусундагы Сокулук районунун ички иштер органдарынын кызматкери болуп чыкты. Медициналык экспертиза көрсөткөндөй, авария болгон учурда милиционер соо абалда болгон.

Милиция жол кырсыгын автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алды. Машина айып унаа токтотуу жайына киргизилди.