КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов: Президент бардыгын туура айтты. Бийликке басым кылууга жол бербейм деди. Эгер ар бири эле кызыкчылыгын көздөп, бүлүк сала берсе, анда өлкөдө тынчтык болбойт. Бийликке митинг эмес, шайлоо аркылуу гана келүү керек.

Өлкөдө саясий кризис жок. Көпчүлүк коалиция эки бутунда бекем турат. Албетте бүгүнкү күндө коалицияга тийишүү болуп атат, анткени кимдир бирөөлөрдө аны таркатып жиберүү кызыкчылыгы бар. Өкмөттү алмаштыруудан мүйүз чыккан жок.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов: Президент саясий абал тууралуу дээрлик эч нерсе деген жок, ошондуктан бизге бардыгын өз колубузга алууга туура келет. Ал көбүнесе чарбачылык бөлүмү тууралуу айтты, ал эми бул жөнүндө негизи өкмөт башчы айтышы керек эле.

Саясий кризис бышып калды. Жээнбеков «кылмыш аракеттерин жашыруу менен бийликти коркутуп-үркүткүсү келген мафиялык түзүмдөр бар» дегенде Алмазбек Атамбаевди жана анын айланасындагыларды айткысы келген.

Коррупцияга каршы күрөш катаал түрдө уланат дегенде ал Өмүрбек Бабанов тууралуу кыйытты.

«Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты жана Бабановдун жакын үзөңгүлөшү Руслан Казакбаев: Президент Бабановдун келишине эч кандай таасир тийгизбейт. Жээнбеков баары мыйзам алкагында болот деп айтты.

Контекст: Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мурдагы үзөңгүлөшү Алмазбек Атамбаев менен болгон ачык чырдашуусунун шартында парламетке чыгып сүйлөдү. Азыр Атамбаев өзүн оппозиция деп жарыялаган өлкөдө ири деп эсептелген КСДП партиясын башкарат. Бирок КСДПнын парламенттик фракциясы Жээнбековду колдойт.

Партиядагы ыдыроонун шартында парламентте жаңы көпчүлүк коалициясын түзүү керектиги айтыла баштады. Учурдагы коалицияны парламентте 37 орунга ээ КСДП түзгөн, бул болсо башка партиялардыкынан да көп орун.

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун 13-апрелде өлкөгө кайтып келиши да саясий кырдаалды кызытты. Бабановдун тарапташтары, анын ичинде ал мурда лидери болгон «Республика» партиясы саясатчы кайтып келген күнү митинг уюштурууну пландоодо.

Июнда КСДП да эгер «Жээнбеков каталарын жойбосо» митинг өткөрүүнү пландап жатат. Анданын тышкары, оппозициялык «Ата Мекен» да саясий туткундагыларды колдоо митингин өткөрө турганын билдирген. «Ата Мекендин» митинги апрелдин аягына белгиленген.

Авторлошу: Айсым Токоева