КСДП: Бабановду колдоо митингдеринде бийлик гана чагым уюштура алат

Өмүрбек Бабанов. Сүрөт: Даниль Усманов

КСДП мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин митинги учурунда экс-президент Алмазбек Атамбаев «эки үч адамды атып» же башаламандык уюштурганы жатат деп коомдук тармактар менен мессенжерлерде жайылтылып жаткан маалыматтарды «фейк жана кара пиар» деп атады.

Социал-демократтар мындай билдирүүлөрдүн авторлору Бабановдун Кыргызстанга кайтып келишинен коркушат деп божомолдошту.

«Шашылыш түрдө Бабановдун менчик объекттерине тиешелүү иштер боюнча кылмыш куугунтугу уюштурулуп, жергиликтүү бийлик анын тарапташтарына тынчтык митинги менен концерттерди өткөрүүгө орой баш тартып жатышканына караганда коомдо мунун бардыгы Ак үйдүн тапшырмасы менен жасалып жатат деген ишеним бекемделип жатат. Чагым билдирүүлөрдү кимдир бирөөлөргө эмес, дал ошо Ак үйгө таратуу пайдалуу», — деп айтылат партиянын билдирүүсүндө.

Партиядан кабарлашкандай, саясий маселелер боюнча Бабанов менен көз караштар ар кандай болгонуна карабастан, ал жакта дайыма анын укуктарын сыйлап келишкен.

«Эгер эртеңки митингдерди укукка каршы кыймыл-аракеттерге чагым кылууга ким кызыкдар болсо да бул бийликтин өзү», — деп билдиришти КСДПдан.

Партия өзүнүн билдирүүсүн КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы ачык тирештин шартында таратты. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка талапкерлигин КСДПнын атынан койгон.

Шайлоо өнөктүгү учурунда президенттик кызматты ээлеп турган Атамбаев Бабановду катуу сынга алып турган, алтургай президент аны казак бийлигинин «кол баласы» деп атап, ошол эле маалда Жээнбековду колдогон. Бабанов шайлоодо утулган соң анын үстүнөн эки кылмыш иши козголгон.

Бабанов бул иштерди «сандырак» жана «укук коргоо органдарынын өз билемдиги» деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен. Бирок Атамбаев өлкө ичинде бийлигин жоготуп алгандан кийин Бабанов Кыргызстанга кайтып келүүнү чечкен.

Бабанов жакында эле берген интервьюсунда маалымдагандай, ал Атамбаев жана Жээнбеков менен сүйлөшүүлөрдүн айынан саясаттан четтеп, өлкөдөн чыгып кеткен. Алар болсо анын ордуна Бабановго карата козголгон кылмыш иштерин жана анын тарапташтарына басым кылууну токтотууну убадалашкан.