Ош: Өз кызын зордуктоого шектелген атанын соттук отуруму 23-апрелде өтөт

Ош шаарындагы төрөтканалардын биринде 5-апрель күнү 15 жаштагы кыз көз жарган. Милициядан маалымдашкандай, өспүрүм кызды зордуктоого өз атасы шектелүүдө. Ал үч ай мурун камакка алынып, соттук отурум 23-апрелге белгиленген.

Февраль айында ЖМКлар Өзгөн районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелип атасы кармалганын жазып чыгышкан. Өспүрүм кыздын апасы алты жыл мурун оорудан улам каза тапкан экен. Ал бир туугандары менен атасынын кароосунда болгон.

Кыздын өз атасынан боюнда бүткөнү тууралуу маалымат коомчулукка жарыялангандан кийин аны «Ак жүрөк» кризистик борборуна жайгаштырышкан. Үй ай бою ага психологиялык жана моралдык жактан жардам көрсөтүлгөнүн борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова «Клоопко» маалымдады.

«Кызды Өзгөн райондук социалдык коргоо кызматы 28-январда алып келген. Анда кыздын алты айлык боюнда бар болчу. Ошол убактан бери биздин борбордо болду. Анткени, кызды өз үйүндө камкордука ала турган жакындары жок болуп чыкты», — дейт ал.

Асилбекова кыз ымыркайдан баш тартканын, төрөтканадан чыккандан кийин кайра кризистик борборго кайтып келээрин кошумчалады.

Өзгөн райондук милициясы өспүрүм кыздын атасын 20-январда камакка алган. Учурда кылмыш иши Өзгөн райондук сотунда каралууда.

«Айыпталгандын жазык иши Өзгөн райондук сотунун өндүрүшүнө 2019-жылдын 12-март күнү келип түшкөн. Ишти кароого жабырлануучу катышпай жаткандыктан, териштирүү иштери баштала элек болчу. Соттук отурум 2019-жылдын 23-апрелине дайындалган», — деп маалымдады облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

Редактору: Айдай Беделбек кызы