Ош облустук милициянын кайгуул күзөт кызматынын имараты эң байыркы курулуштардын бири. Ал шаардын борбордук бөлүгүндө орун алып, кызыл армиянын Түркестан фронтунун башкы штабы болуп турган. Курулушу 1876-жылы башталган имарат азыркы күндө тарыхый баалуулуктардын тизмесин толуктап келет.

Орус империясынын келиши менен Ош шаарында салына баштаган курулуш сегиз жылда толук бүткөн. Имараттын курулушу менен анын айланасында чиркөө, аскердик оорукана, аристократтар үчүн ресторан, аткана жана казарма кошо курулган.

Жаңы имаратка аскер башчы Михаил Фрунзе өзү 1920-жылы келип алгачкы жолу жыйын өткөргөн. Ошондуктан азырга чейин анын дубалында «1920-жылы май айында Түркестан фронтунун жана кызыл армиянын белгилүү аскер башчычы Михаил Фрунзе Ош горнизондук жоокерлердин астына чыгып сөз сүйлөгөн» деп жазылып турат.

1927-жылга чейин элдик милициянын имараты болуп турган. Андан кийин ыктыярдуу элдик милициянын элдик кошууну деп өзгөртүлгөн. 1991-жылдан азыркы күнгө чейин Ош облустук кайгуул күзөт кызматынын кеңсеси болуп келет.

Мындан тышкары, имараттын бир бөлүгүндө болочок милиционерлерди даярдаган окуу курсу да жайгашкан. Анда билим алууга жаштар республика боюнча келишет.

Имарат сапаттуу курулгандыктан 40 жыл убакыт өткөндөн кийин гана оңдоп-түзөөдөн өткөн. Болжолдуу 150 жыл мурун салынган имарат жараксыз абалга кептелген эмес.

Курулуш тарыхый баалулуктардын тизмесине кирип, Ички иштер министрлигинин балансында турат.

Фотосүрөттөрдүн редактору: Дастан Үмөтбай уулу
Редактору: Айдай Беделбек кызы