Сүрөт: Чүй ИИБинин басма сөз кызматы

Чүй облусунун ИИБи 12-жаштагы Малика Усмановага ардак грамота менен белектерди тапшырды. Ал Данил Браилкин уурдалып баратканын көрүп, окуянын чоо-жайын милицияга билдирген.

«Жашы жете элек Малика кичинекей болгонуна карабастан, милиционерлерге өз убагында такталган маалымат берип, аларга мыкты жардам көрсөтүү менен чечкиндүү жана тайманбас экенин көрсөттү. Маалымат чубандысы оор кылмыштын бетин ачууга жана шектүүлөрдү кармоого алып келди», — деп билдиришти милициядан.

12 жаштагы Данилди Кантта 11-апрель күнү эртең менен уурдашкан. Аны мектепке бара жаткан жеринен «Яндекс Таксинин» эн белгиси чапталган машинага күч менен салып, белгисиз багытта алып кетишкен. Милиция Данилди ошол эле күнү таап, уурдоого шектүүлөрдү кармаган.

Сурак учурунда шектүүлөр баланы соодалашып, «аласасын өндүрүп» алуу үчүн уурдап кетишкенин айтышкан. Алар тергөө изоляторуна эки айга киргизилишти.