Бишкек ЖЭБи тууралуу иш: Айыпталуучуларга кандай жаза берүү талап кылынууда?

Бишке ЖЭБи. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Бишкектин Биринчи май райсотунда Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча ишти кароо аяктап калды. Мамайыптоо айыпталуучуларды 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратууну талап кылды. Ал эми мамлекеттик ишканалар алардан 38 млн сомдон ашуун каражат төлөтүп алууну суранышты.

Прокурорлор Улуттук энергетикалык холдиңдин экс-башчысы Айбек Калиев менен «Электр станциялар» ишканасынын мурдагы директору Узак Кадырбаевди эки жарым жылдан эркинен ажыратууну жана ар бирине мамлекеттин пайдасына деп 50 миң сом штраф салууну талап кылышты.

Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулуна 5 жыл жаза өтөөнү жана мамлекеттин пайдасына 100 миң сом штраф салууну сурашты.

Ошондой эле жабырлануучу тарап — «Электр станциялар» мамлекеттик мекемеси өз пайдасына айыпталуучулардан 8,8 млн сом төлөтүүнү суранды.

«Бишкек жылуулук тармагы» мамишканасы болсо айыпталуучулардан 3 млн сом зыянды жана 23 млн сом өлчөмүндө «түшпөй калган пайданы» өндүрүүнү өтүндү.

Жалпысынан Бишкек ЖЭБдеги авария тууралуу иш боюнча мамлекеттик энергетикалык тармактардын мурдагы жети топ-менеджерлери өтүүдө — аларды ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышкан деп айыпташууда.

Бишкек ЖЭБдеги авария

Бишкек ЖЭБдеги авария 2018-жылы январдын аягында болгон. Анын айынан шаардыктардын үйлөрүндө температура төмөндөп, ысык суу берүү үзгүлтүккө учураган. Авариянын себептерин аныктоо максатында депутаттык жана өкмөттүк комиссия дайындалган.

Өкмөттүк комиссия аварияга «жабдуулардын суукка даяр эместиги», «буу казандар үчүн тузсуздаштырылбаган суунун жетишсиздиги» жана «кызматкерлердин макулдашылбаган аракеттери» себеп деп айткан.

Депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБдеги авария көп себептерге байланыштуу болгон деп эсептеген, мисалы, «энергетика тармагынын саясатташканы», «кадрларды тууганчылык жол менен дайындоо» жана «эски жабдуулар».

Депутаттык комиссиянын башчысы Улан Примов жабдууларды оңдоо үчүн мамказынадан бөлүнгөн акчалар ыксыз колдонулган деп билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан ЖЭБди оңдоого жылына 400 млн сомдон ашуун каражат бөлүп турган.

ТЕМА БОЮНЧА:

ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча Исаков менен башка аткаминерлерди эмнеде айыпташууда?