Кара-Кулжадагы убактылуу кармоочу жай санитардык талаптарга жооп бербейт

Оштун Кара-Кулжа районунун убактылуу кармоочу жайында санитардык талаптар сакталган эмес. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борборунан билдиришти.

Материал саат 18:22де жаңыртылды

Кара-Кулжа райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайы Кыйноолордун алдын алуу борбору тарабынан 12-апрелде текшерилген. Анын жыйынтыгы менен ажатканада минималдык санитардык талаптар сакталбаганы аныкталган. Мындан тышкары, убактылуу кармоочу жайда суук мезгилдерде жуунуучу мончо жок болуп чыккан.

«Дары-дармектердин тизмеси болот, ал жок. Шарт боюнча алар жыгачтан жасалган кутуда (тумбочка) сакталышы керек, бирок дарылар кагаз кутуда болгон. Шейшептер толук эмес, кир, эски абалда экен», — деп «Клоопко» билдирди борбордун Оштогу өкүлү Худаяржан Нарматов.

Кыйноолордун алдын алуу борбору 15-апрелде акт түзүп облустук прокуратурага өткөрүп берген. Нарматов көзөмөл орган 10 күндүн ичинде аталган факт боюнча кандай чара колдонулганы туурасында борборго кат жолдошу керектигин кошумчалады.

Ал эми Ош облустук ИИБнен убактылуу кармоочу жайдын дары-дармектер салынган кутучасы текшерүүдөн соң жаңыланганын маалымдашты. Бирок ажатканадагы санитардык абал өзгөрүүсүз.

Редактору: Айдай Беделбек кызы