КСДП Дача-СУ кырсыгына байланышкан далилдерди Атамбаев «жок кылдырган» делген маалыматты фейк деп атады

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева

КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Бишкектин жанындагы Дача-СУ кыштагында «Боинг-747» учагынын кыйрашы боюнча иштин материалдарын Алмазбек Атамбаев «жок кылды» деген өңдүү билдирүүсүн фейк деп атады.

По поводу распространяемой фейковой информации, о якобы заявлении экс-генерального прокурора Индиры Джолдубаевой, скажу...

Posted by Kunduz Zholdubaeva on Tuesday, April 16, 2019

«Индира Жолдубаева, экс-башпрокурор: “Дача-СУ кырсыгына байланышкан далилдерди Атамбаев бүт жок кылдырган”» деген аталыштагы маалымат 17-апрель күнү ар бир адам жарыя калтыра алган блог платформасында пайда болгон. Ошондой макаланын автору Chagylban.kg деген жок сайтты өзүнүн булагы катары атаган.

«Тилекке каршы ошол убакта чындыктын бетин ачууга көп тоскоолдуктар болгон. Тергөө убагында топтолгон көп далилдерди Алмазбек Шаршенович жок кылдырып салган. Дача-СУдагы кырсыктан тышкары чоң контрабанданын бети ачылган эле», — деп келтирген макаланын автору бул сөздөр экс-башкы прокурорго таандык деп.

Редакциянын Индира Жолдубаеванын өзү менен байланышка чыгуу аракетинен майнап чыккан жок.

Парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев 17-апрелде Жогорку Кеңеште отчёт берип жаткан башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон бул макалага комментарий берүүнү суранды. Жамшитов ага тактап туруп, кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылды.

КСДПнын төгүндөөсүнө карабастан, бул маалыматты Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев, укук коргоочу Гүлнара Журабаева жана «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынан мурда депутат болгон Асия Сасыкбаева фейсбукта бөлүшүшкөн.

Бирок материал жарык көрөөр алдында Каптагаев менен Сасыкбаева өз постторун өчүрүп салышкан.

Эмилбек Каптагаевдин баракчасынан алынган скриншот. Ал материал жарык көрөр алдында постун өчүрүп салган

Атамбаев далилдерди жок кылды деген маалымат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2017-жылдын январындагы Даса-СУ кыштагында учактын кыйрашы тууралуу иш жандандырылды деп айткандарынын шартында пайда болду. Учактын кыйрашынан 39 адам набыт болгон.

Авиаапааттан кийин «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын юристтери Таалайкүл Токтакунова менен Канатбек Азиз авария болгон учактагы жүктөрдүн бир бөлүгү ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевге жана анын жубайына таандык деп айтып чыгышкан.

2017-жылдын январында УКМК кыйраган боингдин бортундагы жүктүн бир бөлүгү Кыргызстанга арналганын маалымдаган. Ага ылайык, казакстандык JTI Kazakhstan LLC компаниясы Кыргызстанга дээрлик эки тонна электр от жандыргычтарын кайтарымсыз бергени жаткан.

УКМКнын маалыматына ылайык, учактын бортунда жалпы жонунан 76 тонна 758 килограммды түзгөн турмуш-тиричилик техникасы, уюлдук телефон жасалгалары, от жандыргыч жана кол телефондор болгон.