Москва соту Питер метросундагы теракт иши боюнча кыргызстандыкты сыртынан камакка алды

Москванын Басман соту кыргызстандык Исломбек Тургуновду сыртынан камакка алып, аны эл аралык издөөгө жарыялады. Тургуновго «Террористик коомчулукка катышуу» беренеси боюнча айып тагылды.

«Камакка алуу мөөнөтү ал кармалган же Орусияга этапташтырылган учурдан тартып эки ай түрүндө аныкталды. Ал эл аралык издөөгө жарыяланды», — деди соттун басма сөз катчысы Юнона Царева.

Питер метросундагы теракт 2017-жылы 3-апрелде болгон — жардыруудан улам 17 адам мүрт кетип, жүздөн ашууну жарадар болгон, анын ичинде 112 адам жабырлануучу деп аталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, терактын аткаруучусу жардыруу учурунда каза тапкан Кыргызстандын атуулу Акбаржон Жалилов болгон. Укук коргоо органдары Жалилов менен байланыштуу делген 11 адам кармашкан. Кармалгандардын бардыгы — Борбор Азиянын атуулдары.

Айыпталуучулардын бардыгы өз күнөөлөрүн моюнга алышкан жок, ал эми үчөөсү Орусиянын ФККнын «жашыруун түрмөсү» делген жерде кыйноого алынышканына даттанышкан. Укук коргоочу Яна Теплицкая билдиргендей, «айыпталуучулардын баары же дээрлик бардыгы — кокустан эле кармалып калган адамдар».