Видео: Кулматов менен Ибраимовдун тарапкерлеринин конвой жана милиция менен кайым айтышуусу

Мурдагы эки мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун тарапташтары менен милиционерлердин ортосундагы чырдашуу 17-апрелде соттун жыйынынан кийин чыкты.

Жаңжал милиционерлер отурум өтүп жаткан залга айыпталуучулардын биринин тууганын киргизбей койгондугу үчүн болгон. Мындан кийин экс-мэрлердин тарапташтары менен конвойдун ортосунда кайым айтышуу башталып кеткен.

Кулматов менен Ибраимовго каршы кылмыш иштери

Кулматов 2014-жылы Калыс-Ордо конушунда мектеп курууда кытайлык гранттын эсебинен 2 млн долларды мыйзамсыз пайдаланган делип айыпталууда.

Ибраимовду Бишкек мэри болуп турган учурдагы коррупцияга, ошондой эле «муниципалдык жерлерди мыйзамсыз берүү» боюнча айыпташкан. Дагы бир айып «Нурлуу жээк» пансионатын сатууга байланыштуу.

Эки саясатчы тең экс-президент Алмазбек Атамбаевдин чөйрөсүндөгү жакын адамдардын катарына киришет.