Атамбаев башкы прокурордон Юстиция министрлигинин аракеттерин «мыйзамсыз» деп таануусун суранды. Ал ведомствонун базасында КСДПнын жетекчиси болбой калган

Экс-президент жана КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев башкы прокурорго кайрылып, юстиция министрлигинин юридикалык жактардын реестринде партиянын документтерине киргизген өзгөртүүлөрүн «мыйзамсыз» деп таануусун суранды. Юстиция министрлиги партиянын жетекчилигин Атамбаевден Сагынбек Абдрахмановго алмаштырып, партиянын юридикалык дарегин өзгөртүп койгон.

«Бул өлкөнүн Юстиция министрлигинин кызматкерлери тарабынан жасалган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун кыжыр кайнаткан, бетпак фактысы туурасында билдирет жана КСДПнын, жалпысынан биздин партиянын мүчөлөрүнүн бузулган укугун тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле жасалган кылмышты токтоосуз жана калыс тергөөгө алууну талап кылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Социал-демократтар юстиция министри Марат Жаманкулов менен анын орун басарын «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмалоо» беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартса болот деп эсептешет.

Ал эми КСДПнын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина аталган аткаминерлерлердин отствакасын талап кылды. Андан тышкары, эл өкүлү ведомствонун жетекчилигине бийлик басым көрсөтүп койгон болушу керек деп билдирди.

Юстиция министрлигинен КСДП тууралуу маалыматтарды Абдрахмановдун арызы боюнча өзгөртүшкөнүн кабарлашты. Министрлик Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) жетекчисин өз базасынан Алмазбек Атамбаевден «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановго 18 апрелде өзгөрткөн.

Ошондой эле Абдрахманов Атамбаевден өзүнө партиянын уставын, мөөрүн жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон.

Азыр өлкөнүн эң чоң партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөнүн башкы партиясындагы революция: КСДПда эмнелер болгон жана өйдө жакта эми ким турат?