Киевдеги жардырууга шектелип жаткандардын кыргыз паспорттору жасалма — КРдин Украинадагы элчилиги

Киевде жардырылган машина

Украинанын коопсуздук кызматы (УКК) билдиргендей, диверсия уюштуруу шеги менен кармалган эки адамда кыргыз паспорттору табылган. Алардын бири украиналык чалгындоонун кызматкеринин машинасын жардырууга айыпталууда — детонатор орнотууда иштеп кетип, шектүү оор жаракаттарды алган.

Атайын кызматтын башчысы Василий Грицак билдиргендей, эки шектүү Орусиянын жарандары, бирок алардан башка адамдарга берилген Кыргызстандын паспорттору табылган.

«Документтер бизге Москва шаарында, “Таж-Махал” ресторанында өткөрүлүп берилген. Кыргызстандын жаранынын атына берилген документтер, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын жараны эмесмин, мен Орусиянын жаранымын. Документтер ыкчам иш-аракеттер үчүн колдонулган», — деп айтып берген сурак учурунда шектүү Тимур Дзортов.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги «Азаттыкка» билдиргендей, бул паспорттор Кыргызстанда берилген эмес. Консул Азамат Кабаев паспорттор жасалма деп айтты.

«Биз бул документтерди жарандын персоналдык номери жана паспорттун сериялык номери боюнча автоматташтырылган системада текшергенде, бул паспорттор бизде берилбегинин аныктадык. Бул кыргыз паспорттору эмес, жасалма. Биз бул боюнча украин тарапка маалымат бердик», — деди Кабаев.

УККнын маалыматы боюнча, Украинада диверсия күмөнү менен жалпысынан орусиялык атайын кызматтын сегиз кызматкери кармалган.

«2017-жылдын башынан тарта Орусиядан Украинанын жана Донецк Элдик Республикасы аталган аймакка Украинанын атайын кызматтарынын офицерлерин жок кылуу үчүн орусиялык аскер чалгынынын бир нече алыстан туруп аракеттенген аскерий диверсиялык тобу жөнөтүлгөн», — деп айтылат УККнын пресс-релизинде.

Кыргызстандын ТИМи азырынча эч кандай комментарий бере элек, бирок мурдараак алар Киевдеги жардыруунун уюштуруучусу Кыргызстандын жараны эмес деп маалымдашкан.

Киевдеги жардыруу

Машинанын жарылуусу Киевде 4-апрелде орун алган. Автоунаа украиналык атайын кызматтын өкүлүнө таандык болгон. Видеодон автоунаага белгисиз киши жакындап келип, айланып өткөндөн кийин унаа жарылып кеткенин көрүүгө болот.

Украинанын Башкы прокуратурасы муну «өздүгү аныкталбаган адамдын» теракт жасоого ниети деп атады. Алардын маалыматына ылайык, жардыруу аталган адам машинага бомба орнотууга аракет кылып жатканда болгон. Украиналык парламенттин депутаты Игорь Мосийчук каза тапкан адам Кыргызстандын жараны деп айткан.

Кийинчирээк украиналык атайын кызмат шектүүнүн өлүмүн төгүндөдү. Алардын айтымында, мындай маалымат шектүүнүн шериктерин кармоо үчүн атайын жайылтылган.