Кыргыз-түрк ооруканасынын ачылышы кайрадан жылдырылды — бул жолу 2019-жылдын аягына чейин

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы. Сүрөт: Kloop.kg үчүн тарткан Эржан Бейшеналиев

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 18-апрелде парламенттин жыйынында билдиргендей, клиникага медициналык жабдыктарынын 20 пайызын киргизүү иши калган.

«Түрк тарап өзүнө алган милдеттерин аткарып жатат. Эгер Жогорку Кеңеш колдоп, президент келишимдин ратификациясына кол коюп берсе, анда Саламаттык сактоо министрлиги Түркияны расмий кабардар кылат. Алар да бул маселени карап жатышат», — деп келтирет 24.kg Чолпонбаевдин айткан сөздөрүн.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова кыргыз-түрк ооруканасы үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ачылышы мүмкүндүгүн «Клоопко» билдирди.

«Бул ратификация, [парламенттик] окуулар — мунун баары көп убакытты алып жатат. Биз оорукана тез ачылсын деп эле аракет кылып жатабыз. Аны өткөн жылдын августунда эле ачууну пландаганбыз, бирок тилекке каршы ачылышы жылып кетип жатат», — деди ал.

Бишкекте 2017-жылы күзүндө жаңы кыргыз-түрк клиникасынын курулушу аяктаган. План боюнча ал өзүнө 150 бейтапка чейин батыра алат.

Оорукананын заманбап имаратын 2016-жылы июлда кура башташкан. Курулуш иштерин түрк компаниясы жүргүзгөн, ал эми каражатты Түркиянын өкмөтү бөлүп берген.

ТЕМА БОЮНЧА: