Бишкекте мектеп окуучулары кооптуу шартта экинчи кабаттын терезелерин жуушкан — мугалимге эскертүү берилди

Инстаграмдагы omks_video аккаунту эки мектеп окуучусу бир колдору менен алкакты кармап, мектептин экинчи кабатындагы терезелерди тышынан жууп жатышканы тартылган видеону жарыялады. Видеонун авторунун айтымында, бул окуя Бишкектеги №4 гимназияда болгон.

https://www.instagram.com/p/BwZGxjiBqMa/

Коомдук желенин колдонуучулары мектеп жетекчилиги менен мугалимдери окуучулардын коопсуздугун тобокелге салышканына нааразы болушкан.

№4 мектебинин директору Илита Пак мектеп окуучулары чагылдырылган видео чын эле өзү жетектеген окуу жайда тартылганын жана балдар 7-класстын окуучулары экенин ырастады.

«Мугалим жакын эле жерде жүргөн, ал эскертүү берип, балдарды терезеден алыш үчүн басып келе жаткан. Мугалим терезелердин тышын жууш керек деп тапшырма берген эмес», — деди ал.

Директордун айтымында, класс жетекчиге, окуу бөлүмүнүн башчысына жана тазалоо иштерин уюштургандарга карата тартипке чакыруу чарасы колдонулган.