Коопсуздук кеңеши Абылгазиевге айлана чөйрөнү коргоо мамагенттигинин жетекчилигин бошотууну сунуштады. Алар эмне күнөө кылышкан?

Абдыкалык Рустамов

Коопсуздук кеңеши өкмөттүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (КТЧК жана ТЧМА) жетекчилигин «коррупцияга каршы иш-чараларды» аткарбагандыгы үчүн кызматтан бошотууну сунуштады. Ведомствонун кызматкерлери эмне күнөө кылышкан?

• санариптештирүү боюнча бир да иш-чара өткөрүшкөн эмес, бул коррупцияга алып келген;

• жалпы аянты 335 гектарды түзгөн коргоодогу аймакта 3,5 миң эс алуу жайын, үйлөрдү жана башка курулуштарды мыйзамсыз салышкан;

• чет өлкөлүк сапарларга бир эле кызматкерлер кайра-кайра чыгып турушкан, кээде ал жака «компетенттүү эмес» кызматкерлер барышкан. Мисалы, агенттиктин штаттан тышкары иштеген бир кызматкери бир жыл ичинде жети жолу иш сапарга чыгып келген, ал эми агенттиктин директорунун айдоочусу ТИМге билдирбестен Женевага барып келген;

• ведомствонун жетекчилиги жергиликтүү жаратылышты коргоо фондуларын мыйзамсыз экенине карабастан каржылаган. Ошол эле маалда каржылоо «ыксыз», «негизинен бузуулар менен» бөлүштүрүлгөн;

• кызыл китепке кирген жаныбарларды атуу квоталарына жетекчиликтин жасалма кол тамгалары берилген.

Мындан тышкары, Коопсуздук кеңеши бул нерседе Юстиция жана Айыл чарба министрлигинин, анын ичинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызмат адамдарынын да күнөөлөрү бар экенин белгиледи.

«КТЧК жана ТЧМАнын жетекчилиги бир катар эскертүүлөргө карабастан, белгиленген мамлекеттик органдардын ишмердигин координациясын уюштурган эмес, ошентип коррупцияга каршы чараларды аткарбоого кызыкчылыгын көрсөттү», — деп айтылат коопсуздук кеңешинин катында.

Коопсуздук кеңешинин маалыматына ылайык, мамагенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов 2018-жылы өкмөт башчыдан эки жолу эскертүү, сөгүш жана катаал сөгүш алган.

Ошондой эле, Коопсуздук кеңеши Башкы прокуратурага берилген материалдарды изилдеп, аларга юридикалык баа берүүнү сунуштады.

Коопсуздук кеңешин президент жетектейт, ал эми анын мүчөлөрү болуп бийликтин бардык бутактарында чечүүчү кызматтарды ээлеген аткаминерлер эсептелинет.

Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн камсыздай турган тышкы жана ички саясатты иштеп чыгуунун үстүндө иштейт.