Бир кадр менен: Ош шаарында Кытай өкмөтү курган оорукана ачылды

Оштогу оорукананын ачылышы. Сүрөт: Шаардык мэриянын маалымат кызматы

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатына курулган 150 орундуу бейтапкананын ачылышы 22-апрелде өттү. Ага президент Сооронбой Жээнбеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жаңы бейтапкана күн сайын 200дөй кишини кабыл алып, 150гө жакын оорулууну жатак орун менен камсыздай алат. Имарат административдик, амбулатордук жана стационардык бөлүктөн турат.

Үч кабаттуу оорукананын имараты 2016-жылы салына баштаган. Бейтапканын курулушун Кытай Эл Республикасы каржылап, ага гранттык негизде 1 млрд 830 млн сом (181 миллион юань) бөлгөн. Долбоорго ылайык курулуш иштери толугу менен 2018-жылдын май айында жыйынтыкталмак. Бирок анын ачылышы бир жылга кечиктирилген.