Чаткалдын тургундары акимдин ишине нааразычылык билдиришүүдө

Сүрөттө оң жактагы эски сол тараптагы жаңы курулган көпүрө

Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын тургундары аким Канжарбек Эшалиевдин ишине нааразычылык билдирип бир нече жолу акцияга чыгышты. Ага айылдагы 16 млн сомго салынган көпүрөнүн алты айда урап калганы себеп болгон.

Казакстандын «Вертекс Голд» алтын өндүргөн компаниясы Айгыр-Жал айылы менен райондун борбору Каныш-Кыя айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнүн курулушуна 16 млн сомдон ашуун каражат бөлгөн.

2014-жылы райондун акими Канжарбек Эшалиев «АДС — Строй» курулуш компаниясы менен көпүрөнүн курулушу боюнча келишим түзгөн. Курулуш иштери эки жылда аяктап, көпүрө 2016-жылы пайдаланууга берилген. Бирок, алты айда жаңы курулуш урап калган.

Ошондо Айгыр-Жалдын тургундары эски көпүрө менен каттай башташкан. 2019-жылдын 5-апрель күнү эски көпүрө да жарактан чыккан. Учурда тургундар Каныш-Кыяга алыскы көпүрө аркылуу барууга аргасыз.

Айыл тургундары 14-апрелден баштап бир нече жолу райондун акими Канжарбек Эшалиевге нааразычылык билдирип митингге чогулушкан.

«Баарына аким күнөөлүү, канча акчаны өзүнүн кызыкчылыгына жумшаган. Биздин акимге мыйзам жок болуп калганбы? Президентибиз айылдарды өнүктүрүү жылы дейт, бул өнүктүрбөй эле кайра куурата турган болду», — деп нааразы болду тургундардын бири Гүлбү Мамытбекова.

Көпүрө салынып жаткан жол Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында болгону менен жаңы салынган көпүрөнү ведомство кабыл алган эмес. Аны тиешелүү документтердин жоктугу менен байланыштырышат.

«Көпүрө жолдорду пайдалануу башкармалыгы аркылуу жасалыш керек эле, бирок айыл өкмөт салдырган. Аны башкармалык өз балансына алып койсо, кайра кулап кала турган болсо жоопкерчилик биз тарапта болуп калат да. Ошон үчүн тийиштүү документтер берилгенден кийин анан баланска алуу маселеси каралат», — деп «Клоопко» билдирди министриктин жетектөөчү адиси Айбек Сагынбаев.

Ал кошумчалагандай учурда алардын балансындагы эски көпүрөнү калыбына келтирүү иштери башталган.

Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев менен «Клооптун» журналистинин байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Айгыр-Жалдын тургундары жаңы көпүрөнү калыбына келтирүү боюнча маселе чечилбесе райондун борбору Каныш-Кыяга алып барчу жолдорду жабууну убадалашууда.

Редактору: Айдай Беделбек кызы