ЖМК: Ош аэропортунун коопсуздук кызматынын башчысы жумуштан алынды

Ош эл аралык аэропорту. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg          

Ош эл аралык аэропортунун 150гө жакын кызматкери 22-апрелде нааразычылыкка чыгышты. Алар аэропорттун коопсуздук кызматынын башчылыгына жаңы дайындалган Абдибаит Матиевди «орой мамилеси» үчүн кызматтан алууну талап кылышкан.

Аэропорттун нааразычылыкка чыккан кызматкерлеринин бири T-Media басылмасына курган маегинде Матиевдин жумушчуларга «орой мамиле» кылганын айткан.

«Абдибаит Матиевдин жетекчи болуп дайындалганына аз эле болду. Ушул кыска убакытта кызматкерлерге корс мамиле жасап, ал менен иштешүү оор болуп баратат. Менин сүйлөгөн сөзүмө капа болбогула, “крышам” кетип калган деп айтат», — деп билдирген ал.

Андан соң, жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Ош эл аралык аэропортунун коопсуздук кызматына бир жума мурун дайындалган Абдибаит Матиев кызматтан алынып, ордуна Муслим Асанбеков дайындалганын жазып чыгышты.

Бирок «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова аталган маалыматты «Клоопко» тастыктаган жок.

Ош аэропортунун коопсуздук кызматында 200дөн ашуун кызматкер эмгектенет.