Оңдоп-түзөөдөн өткөн Ош шаарынын Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиону.  Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиону март-апрель айларында оңдоп-түзөөдөн өткөн. Анда жаңы орнотулган 30га чукул отургуч жерге жакын жайгашып калган. Мэриядан жолго асфальт төшөлгөндө отургуч менен жердин аралыгы жакындап кеткенин билдиришти.

«Биринчи катардагы отургучтар жолду асфальттоо учурунда отурганга ыңгайсыз болуп калды. Жолду тегиздеш керек болгондо [бут койгон] жер көтөрүлүп калган. Бирок ал отургучтар алынып, башка жакка жылдырылат», — деп ишендирди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Өткөн жылдын декабрында Ош шаары ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган. Ага ылайык, калаадагы башкы стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары, көп кабаттуу турак-жайлардын, мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын сырты сырдалган.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы