Асия Тулесова жана Бейбарыс Толымбеков баннер менен. Алмата, 20-апрель. Сүрөт: Асем Жапишеванын фейсбугу

Өткөн жекшемби күнү, 20-апрелде Алмата шаарында «Алмата марафону» болуп өттү. Негизи марафон күнү катышуучуларга коопсуз маршрут бериш үчүн шаардын негизги көчөлөрү тосулат. Бул жылы ага 17 миң адам катышкан.

Бирок Алматада болуп өткөн марафон катышуучуларынын көптүгү менен эле эмес, ал бүткөндөн кийинки кармоолор менен да көңүлдү бурдурган.

Алмата полициясы өлкөдө 9-июнда өтө турган президенттик шайлоону таза өткөрүүгө үндөгөн көрнөк үчүн жарандык активисттер Асия Тулесова менен Бейбарыс Толымбековду кармаган.

Тулесова менен Толымбеков марафондун катышуучулары чуркаган жолдон алыс эмес жерде «Чындыктан качып кутулбайсың #adilsailayushin #менинтандоомбар» деген сөздөрү бар көрнөк орнотушкан.

«Асия менен Бейбарыс саат 8:20да көрнөк менен чыгышкан, арадан 20 мүнөт өткөн соң аларды полиция кармаган», — деп айтып берди «Клоопко» Казакстандын The Steppe басылмасынын атайын кабарчылар бөлүмүнүн башчысы Асем Жапишева.

Флешмоб үчүн 15 сутка

Активисттердин үстүнөн сот иши ошол күнү эле өткөн. Тулесова өзүнүн акыркы сөзү учурунда судьяга кайрылып, анын акциясы — бул өлкөдө өзгөрүү болуусун каалаган казакстандыктарга чакырык деп айткан.

«Келгиле сотторубузду буйрук менен эмес, күнөөлүүлөрдү соттоого үйрөтөлү. Келгиле укук коргоо органдарыбызды саясий активисттерди куугунтуктоого эмес, элди коргогонго үйрөтөлү. Жөн гана коргогонго. Адамдар бар — алар жашагысы келет, алар кургулары келет. Бейбарысов экөөбүздүн флешмобубуз мына дал ушул нерсеге арналган», — деген ал.

Буга карабастан Алмата шаардык соту аларды «митингдерди өткөрүү тууралуу мыйзамды бузгандыгы» боюнча күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган. Тулесова менен Толымбековду колдош үчүн сот имаратына келишкендер бул чечимди жактырбай ышкырышкан.

Обращение Аси Тулесовой перед тем как её увёл пристав.

Posted by Assem Zhapisheva on Sunday, April 21, 2019

Бирок казак бийлигинин жазалоочу чаралары Тулесова менен Толымбековго гана эмес, алардын пикетин чагылдыргандарга да тийиштүү болду.

Даректүү тасма тарткан үч оператор Айдос Нурболатов, Айгүл Нурболатова жана Суинбике Сулейманованы «чогулуш уюштуруу же өткөрүүнүн тартибин бузушканы» үчүн ар бирин 130 доллардан айыпка жыгышкан. Операторлордун штрафтарын төлөө үчүн акча бир сааттын ичинде чогултулган.

«Алар марафонду тартканы келишкен, бирок полиция Асия менен Бейбарысты кармап жаткандарын көрүшкөндөн кийин кармоону тартып башташкан. Аларды бир күн бою кармап, анан коё беришкен. Андан кийин операторлорду күбөдөн айыпталуучуга кайта квалификациялашкан. Сулейманова кош бойлуу болгондуктан, сот анын штрафын 30%га төмөндөткөн», — деп айтып берди Жапишева.

Коомдук тармактардын реакциясы

Коомдук тармактардын колдонуучулары камакка алынган жана айыпка жыгылган активисттерди колдоо постторун жазышууда.

View this post on Instagram

Пока ночью прослушивала и верстала манифест Аси, который @timurnusimbekov записал на диктофон во время вчерашнего судилища, по коже бегали мурашки. Успела и поплакать, и где-то — даже посмеяться. ⠀ Но особенно отчетливым было ощущение гордости, что есть вот здесь, среди нас, в нашем городе, совсем рядом — герои. Крутые, смелые, настоящие. ⠀ ⠀ Ася, спасибо❤️⠀ ⠀ Мы сегодня опубликовали на www.adamdar.ca сокращенную версию речи Аси и ее ответы на вопросы судьи и прокурора. Почитайте: там очень, очень важные слова.⠀ ⠀ #ОтПравдыНеУбежишь #FreeAsyaFreeBeibarys #AdilSailayUshin #уменяестьвыбор #QyzPwr

A post shared by Malika Autalipova (@avopilatua) on

ЗА БАННЕР "ОТ ПРАВДЫ НЕ УБЕЖИШЬ. #УменяЕстьВыбор" ЗАДЕРЖАНЫ ЧЕТВЕРО РЕБЯТ:Сейчас идет суд над дерзкой четверкой,...

Posted by Bota Jardemalie on Sunday, April 21, 2019

«Бул жерде шайлоонун кандай тиешеси бар?»

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев билдиргендей, Тулесова менен Толымбеков «митингдерди, жүрүштөрдү жана каршылык акцияларды өткөрүү жөнүндө мыйзамды бузушкан».

«Шайлоонун эмне тиешеси бар? Спорттук иш-чара өткөрүлүп жаткан, ал алдын ала эле пландалган, шаарда афишалар илинген, 17 миң спортчу катышып жаткан, анан ошол маалда экөө көрнөктү ачып, спорттук иш-чаранын өтүүсүнө жолтоо кылып жатышпайбы. Бул эмне мыйзам бузуу эмеспи? Бул мыйзам бузуу», — деп билдирди Тургумбаев.