Каржы полициясы: «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин «салыктан качкан» ишкерлер текшериле баштады

«Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» атттуу журналистик иликтөөсүнөн кийин каржы полициясы текшерүүнү баштады.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, иликтөөдө келтирилген фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде «Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу» беренеси менен катталган.

Иликтөөдөгү келтирилген фактыларды такташ үчүн ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, сотко чейинки териштирүү иши башталган.

Журналист Ыдырыс Исаковдун «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аттуу иликтөөсү 17-апрелде жарыяланган. Анда Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы айтылып, салыктан качкан «ишкерлер» Жалил Атамбаевдин ишкерлигинин мисалында көрсөтүлгөн.

Жалил Атамбаев милициянын отставкадагы полковниги, учурда ишкерлик менен алектенип келет.