Назарбаев Казакстандын президенттик кызматына Токаевдин талапкерлигин сунуштады

Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев

«Нур Отан» партиясынын төрагасы жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 23-апрелде Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин өлкөнүн президенттик кызматына сунуштады.

«Токаевди кп жылдардан бери билгендиктен, бүгүнкү күндө анын талапкерлигин өлкөдөгү бул жогорку кызматка татыктуу деп эсептейм [...] Ал бул жылдардан бери менин ишенимдүү үзөңгүлөшүм болду жана бардык демилгелер менен башталыштарды колдоп жүрдү. Мен ага ишенем», — деди Назарбаев.

Казакстандын президенттик кызматына кезексиз шайлоо 9-июнда өтөт.

Назарбаев өлкөнүн президенттик кызматынан кетип жаткандыгы тууралуу 19-мартта жарыялаган — ал Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган. Эртеси күнү 20-мартта өлкө башчылык кызматка Касым-Жомарт Токаев киришкен.

Көпчүлүк Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева өлкөнүн башчысы болуп калат деп күтүшкөнү менен ал парламентинин спикери болуп калган.

ТЕМА БОЮНЧА: