Бир кадр менен: Оштун бийлиги стадиондогу туура эмес орнотулуп калган отургучтарды алып салды

Ош мэриясы шаардагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадионду март-апрель айларында оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Анда жаңы орнотулган 30га чукул отургуч жерге жакын жайгашып калган.

ЖМКлар бул туурасында жазып чыккан күндүн эртеси жергиликтүү бийлик туура эмес орнотулган отургучтарды алып салды.

«Биринчи катардагы отургучтар жолду асфальттоо учурунда отурганга ыңгайсыз болуп калды. Жолду тегиздеш керек болгондо [бут койгон] жер көтөрүлүп калган», — деп билдирген мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Өткөн жылдын декабрында Ош ТҮРКСОЙ уюму тарабынан Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган. Ага ылайык, калаадагы башкы стадион оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Мындан тышкары, көп кабаттуу турак-жайлардын, мамлекеттик жана жеке менчик ишканалардын сырттары сырдалган.