Чет мамлекеттик паспорттор боюнча кылмыш иши. УКМКнын башчысы тендер аффилирленген компания үчүн өткөн болушу мүмкүн деп билдирди

Идрис Кадыркулов чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендери тууралуу

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитеттин (УКМК) башчысы Идрис Кадыркулов 24-апрель күнү парламентте билдиргендей, чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендери «белгилүү бир компания үчүн атайылап» өткөрүлгөн болушу ыктымал.

Анын айтымында, тендердик комиссия тендеге катышуучу компаниялардан паспортторду даярдоо боюнча өз тажрыйбаларын тастыктаган келишимдерди талап кылган. Бирок бул келишимдерде купуя маалыматтар камтылган. Кадыркулов дал ушул талаптардын айынан чоң компаниялар тендерге катышуудан баш тартышкан деп эсептейт.

«Эгер башынан карасак, тендер атайын белгилүү бир компания үчүн өткөрүлгөндөй. Техникалык спецификация өткөрүлүп, жеңилдетилген өзгөрүүлөр киргизилген, кээ бир беренелер катаалдаштырылган. Аффилирленген компаниялар үчүн даярдык көрүү болгондой сезилет», — деди ал.

Андан тышкары, Кадыркулов чет мамлекеттик паспорттор боюнча тендер өтпөгөн деп таанылышы керек болгондугун билдирди, себеп дегенде алардын документтери талаптарга ылайык келген эмес. Бирок сатып алуучу уюм — Мамлекеттик каттоо кызматы — аны кылбай койгон жана тендерди компаниянын бардыгы жетишсиз документтерин кошушат деген шарт менен уланткан. Мындан кийин үч эле катышуучуну четтетишкен.

Garsu Pasaulisтин ээлерине каршы иштер

Кадыркулов Reuters маалымат агенттиги менен OCCRPнин иликтөөсүнө таянуу менен Garsu Pasaulisтин ээлери Брюссель прокуратурасы 2017-жылы козгогон эки кылмыш ишинде фигуранттар экенин депутаттарга кабарлады.

Кадыркуловдун айтымында, Garsu Pasaulis паспортторду Конго Демократиялык Республикасы үчүн 185 доллардан иштеп чыгарган. Бул акчалардан 60 доллар президент менен аффилирленген компанияларга кетип турган.

Ошондой эле Garsu Pasaulisтин ээси Комор аралдарынын паспортторун эл аралык издөөдө жүргөн адамдарга саткан деп айыпталууда.

«Буга карабастан, кыргыз маморгандарынын кээ бир кызматкерлерди тендер өткөргөн», — деп айтты УКМКнын башчысы.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган.

МККнын аткаминерлери Garsu Pasaulis компаниясы менен «байланышы бар» деген айып менен 16-апрелде кармалышкан. Алар азыр тергөө изоляторунда.

Ошондой эле бийлик МККнын башчысы Алина Шаикованы кызматынын бошоткон. МККдан бир нече ирет билдиришкендей, ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан жана мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес, анткени Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлгөн эмес.

Бирок Garsu Pasaulisтин өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА: Миллиондогон долларлык паспорт тендери чуу жаратты. Анда кандай мүчүлүштүктөр кеткенин айтып беребиз