Иллюстративдик сүрөт

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде өкмөттүн 2018-жылга карата отчёту менен Жогорку Кеңештин депутаттарына барды. Премьер-министрдин айткан сөздөрүнүн негизги тезистерин баяндап беребиз.

Экономика тууралуу. Абылгазиевин айтымында, былтыркы жылы ИДП 3,5 пайызга өсүп, өлкөнүн мамкарызы кыскарган. Соода жүгүртүү өсүп, 6,7 млрд долларды түзгөн. Өлкөдө 2018-жылы ар кандай тармактарда 10 ири жана 250 орто жана чакан ишкана иштей баштаган. Тышкы карыз ИДПга карата 51ден 48 пайызга чейин азайган.

Калктын өкмөткө ишеними тууралуу. 2018-жылы өкмөт мурдагы көйгөйлөрдүн кесепеттерин чечүү үчүн «талыкпай иштеген»: кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн оор жүк унаасы туруп калган, андан соң ЖЭБде авария болгон. Ушулардын айынан калктын ишеним деңгээли 0,6 пайызга төмөндөгөн, бирок бул нормалдуу. Президент Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында жакшы жыйынтыктарга жетиштик — Казакстан жана Кытай менен мамилебизди жакшырттык, андан тышкары, Көчмөндөр оюнун жана Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата иш-чара өткөрдүк.

Кумтөр жана эл аралык көрсөткүчтөр тууралуу. Кумтөр Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүндө тарыхый роль ойносо дагы ага көз каранды болуу — бул мурдагы өкмөттөрдүн каталары. Биз Кумтөр жабылгандан кийин иштей турган башка тармактарды издеп жатабыз. Азыр Кыргызстан бизнести өнүктүрүү боюнча индексте 70-орунду ээлейт, ал эми социалдык жактан эң өнүккөн өлкөлөрдүн тизмесинде 78-орунга чыкты.

Соцөнүктүрүү тууралуу. 2018-жылы өлкөдө 12 мектеп жана 29 бала бакча курулган. Өлкөнүн бардык мектептеринин 81 пайыздан ашууну интернетке туташтырылып, ал эми өкмөт балдарды бала бакчага электрондук каттоо менен алууну ишке киргизди.

Санариптештирүү жана «Коопсуз шаар» тууралуу. Маморгандар ортосундагы «Түндүк» коммуникация системасына 46 ведомство кошулду. Бул жылы өкмөт салык жана бажы кызматтарын санариптештиргиси келет. «Коопсуз шаар» системасы ишке киргенден тарта жол кырсыктарында жабыркагандардын саны 44 пайызга, ал эми жол кыймылынын эреже бузууларынын саны 37 пайызга азайган.

12-апрелде парламенттик көпчүлүк коалицисы Абылгазиевдин жетекчилиги алдындагы өкмөттүн отчётун канааттандыраарлык деп тааныган болчу.