Новопавловкадагы лицейдин директору акча жыйноо боюнча айыптардын шартында кызматын убактылуу тапшырды

Новопавловканын №1 лицейиндеги акча жыйноого каршы митинг. Сүрөт: 24.kg

№1 лицейдин директору Диляра Абдуллаева «Клооптун» журналистине билдиргендей, ал 22-апрелде арыз жазган жана азырынча директорлук кызматынан четтетиле элек. Азыр Башкы прокуратура менен каржы полициясы мектептеги акчалар кандай сарпталгандыгын текшерүүдө.

Абдуллаеванын айтымында, ал окуучулардын ата-энелери аны «басым жана кийлигишүүгө» айыпташпасы үчүн кызматын убактылуу тапшыра турууну чечкен.

Абдуллаеванын айтымында, ата-энелердин акча жыйноого айыптагандары негизсиз — мамлекет мектеп чыгымдарынын бир бөлүгүн гана жабат, калгандарын ата-энелер төлөөгө туура келет.

«Толугу менен бир күн окуган класстар бар. Ата-энелер үч маалдык тамак-ашты төлөшөт, алар менен кошумча күндүн экинчи жарымында мугалимдер иштешет. Бул ата-эенелер [айына үч жарым миң сомдон] төлөшөт, бирок анын көпчүлүгү мугалимдерге кошумча төлөөгө кетет», — деп түшүндүрөт директор.

Анын айтымында, лицей «инновациялык мектеп» макамына ылайык жабдылган — мектепте интерактивдүү такталар орнотулган, ал эми кээ бир мугалимдерде жеке компьютерлер бар.

Аңгыча мектеп окуучулардын ата-энелери 24-апрелде парламенттин имаратынын алдына митингге чыгышты. Алар мектеп директорун кызматтан алып, акча жыйноону токтотуп, окуучулардын ата-энелеринен каражат чогулткан мектепке караштуу фондду жоюуну талап кылышты.

Ата-энелердин айтымында, лицейдин жетекчилиги ай сайын 2 млн сомго чукул акча чогултат. Митингчилердин бири Жийдегүл Кожошева билдиргендей, окуучулардын ата-энелери ай сайын лицейге караштуу өнүктүрүү фондуна 500 сомдон 3000 сомго чейин беришет.

«Ата-энелер фондду мектепти өнүктүрүү жана окуу жайдын материалдык техникалык абалын жакшыртуу максатында түзүшкөн. Бирок анын абалы жакшы эмес. Парталар жетишсиз», — деп айтты Кожошева.

Башкы прокуратура лицейди апрелдин ортосунда текшере баштаган. Анда жыл сайын ата-энелерден 28,5 млн сом чогултурлаары айтылган.

Ведомство мамлекет лицейге бөлгөн каражат эмнелерге коротулганын текшерет.

«Башкы прокуратуранын мамлекет райондук айыл өкмөттөрү аркылуу мектептин эсебине которгон каражаттарды гана текшерүүгө укугу бар. Мектеп фонддору мамлекеттик эмес субъект болуп саналат жана аларды текшерүү үчүн биз бул ишке ЭККМКнын кызматкерлерин тарттык. Азыр тергөө иши жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти мекемеден.