ЖКнын экс-депутаты Асылбек уулу Казакстанда 10 жылга соттолду. Ал аткезчилик боюнча күнөөлүү деп табылды

Дамирбек Асылбек уулу сот отурумунда. Сүрөт: Ринат Ибаев / RFE / RL

Алматанын атайын райондор аралык соту 24-апрелде кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн чыгарды. Казак бийлиги аны өлкөдөн жаза өтөө мөөнөтү аяктаган соң чыгарат.

Экс-депутат «Транс улуттук кылмыштуу уюмун түзүү жана жетектөө», анын ичинде «Экономикалык аткезчилик» боюнча күнөөлүү деп табылды.

«Дамирбек Асылбек уулу күнөөлүү деп табылсын жана кошуу жолу менен максималдуу коопсуздуктагы кылмыш жазасын өтөө системасынын мекемесинде 10 жылга эркинен ажыратылсын», — деп судья өкүм чыгарды.

Тергөөнүн пикири боюнча, Дамирбек Асылбек уулу кытай товарларын аткезчилик жол менен Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга чыгарган уюшкан кылмыштуу топту жетектеген. Бул топ бир жыл ичинде чек ара аркылуу 407,5 млн теңгенин товарын өткөзүп, ошондон улам казынага 99 млн теңгеден ашуун бажы төлөмдөрү түшпөй калган.

Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнгө чейин «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңеште депутат болгон.

Асылбек уулу кармалган соң, анда кыргыз жана казак жарандыгы бар экени аныкталган. Бул аны депутаттык мандаттан ажыратууга себеп болгон. Асылбек уулу 2018-жылдын апрелинен тарта депутат болбой калган.