Активист Исаков милиция ата-энесинен сурак үчүн кечирим сураганын айтты. Укук коргоо органдары муну четке кагышты

Гулжигит Исаков. Сүрөт: фейсбук

Жарандык активист Гүлжигит Исаков райондук милициянын башчысы менен бир кызматкери анын ата-энесинин үйүнө барып, баласы тууралуу аларды суракка алганы боюнча кечирим сураганын жазып чыкты.

«Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы бир кызматкери менен кечээ ата-энемдин үйүнө келишип, кечирим сурап кетишиптир. Бул жагы жигитче болду! Бул жашоодо баарыбыз ката кетиребиз. Терең ыраазычылык билдирем», — деп жазган Исаков

Бирок, райондук милициянын башчысы Мартбек Зикиров активисттин ата-энесинен кечирим сурабаганын айтты.

«Мен кызматкеримди жалгыз жибербейин деп чогуу барганбыз. Биз аларга өз милдетибизди аткарганыбызды түшүндүргөнбүз. Ал болсо бизди ата-энемден кечирим сурады деп жазып жатат. Биз кечирим сураган эмеспиз», — деди Зикиров.

24-апрелде Исаков милициялар анын Кара-Кулжа районундагы ата-энесин, Ош шаарындагы бир тууган эжесин суракка алышканын билдирген.

Ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылып, укук коргоо органдарынын аракеттери боюнча түшүндүрмө берип, милиционерлер эмне үчүн анын ата-энесин суракка алышканы боюнча жооп берүүнү суранган.

Исаков анын жакындары суралганын билдирип чыккандан кийин укук коргоочулар маалыматты ырастап, бирок бул анын чын эле ошол аймактан экенин тастыктоо үчүн жасалганын айтышкан.

Текебаевди жана Жапаровду колдоо митинги

Гүлжигит Исаков камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкан. Митинг 23-апрелде Бишкекте өткөн.

«Ата-Мекендин» депутаты Каныбек Иманалиев сөз сүйлөп жатканда, Исаков ал парламенттин трибунасында сөз сүйлөшү керектигин кыйкырган. Буга жооп кылып Иманалиев аны «Атамбаевдин провокатору» деп атаган.

Митингде Исаков, бийлик Текебаевдин тарапташтары менен сүйлөшүүгө барган жана анын иши жаңы жагдайда каралат деп билдирген.

«Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча карайбыз дебей жатышат. Эмнеге дегенде бул жерде келишим бар. “Атамбаев камалсын” деген плакаттарды көрүп жатасыздарбы. Бийлик менен Текебаев сүйлөшүп, “Атамбаев камалсын” деп чыккыла, бул жерде биз силерди колдоп беребиз дешкен», — деген Исаков.

Камалган оппозиционер Өмүрбек Текебаевдин ишин 3-майда кайра карашат. Мындай чечимди Жогорку соттун коллегиясы кабыл алган. Текебаевдин адвокаттары ага чыгарылган сот өкүмүнүн маңызын эмес, мөөнөтүн карап чыгууну талап кылышууда.

Өмүрбек Текебаев коррупция боюнча 8 жылга соттолгон, бирок мунапыс боюнча анын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Ал эми оппозиционер Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип айыпталган. Бирок Каптагаев өзү Жапаровго карата дооматы жана анын күнөөсү жок экенин айткан. Натыйжада оппозициячыл саясатчы 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, анын башчылыгы астында соттолгон Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун кылмыш иштерин кайрадан карап чыгууну сунуштады. Атамбаевдин оюу боюнча «мамлекет алардын саясий көз карашына, абалына жана жеке инсандыгына карабастан, адилеттүү соттук териштирүү иштерин өткөрүүнү камсыздап бериши керек».

Редактору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы