Сүрөт: yanalya / freepik

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат. Бул колонканын автору — сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук боюнча консультант Айканыш Эралиева. Анын телеграм каналына жазылып, секс жөнүндө жана бул боюнча башка да кызыктуу маалыматтарды алыңыз.

Оргазм секстин башкы максаты же анын сапатынын көрсөткүчү эмес. Оргазм тууралуу жаңылыштуу ойдун айынан аялдардын көпчүлүгү (жана эркектердин үчтөн бири) аны имитация кылууга (ред. — жасалма кайталоого) барышат. Кээ бирөөлөр өнөктөшүнүн же анын өзүн өзү баа берүү сезимдерине этият мамиле кылуу үчүн барса, башкалары «ушундай кылыш керек» деген ой менен жасашат.

Бирок оргазм менен секс сөзсүз түрдө өз ара байланышта болушу абзел эмес. Экөө тең өз алдынча күн көрө алат. Биз бул текстте эмне үчүн вагиналдык оргазм жок экенин жана аялдардын ырахатынын башкы органы жыныс кыны эмес, мээ экени тууралуу кеп кылабыз.

Оргазм деген эмне?

Оргазм — бул күчтүү ырахаттануу жана канааттануу менен мүнөздөлгөн сексуалдык дүүлүгүүнүн туу чокусу. Ал эрогендик зоналарды стимуляциялоо учурунда келет — бул зоналар дененин ар кандай бөлүктөрү болушу мүмкүн жана алар ар адамда ар башкача болот. Бирок ага карабастан эякуляция адам оргазм алды дегенди билдире бербейт. Ал (мисалы, заара чыгаруу сыяктуу) жеңилдетип, оргазмга да жеткириши мүмкүн — бул көптөгөн факторлордон көз каранды, алар жөнүндө бир аз кийинчерээк айтып беребиз.

Физиологиялык жактан алып караганда эркектерде да, аялдарда да оргазм бирдей болот — артериалдык кан басым жогорулайт, жүрөктүн согушунун ылдамдыгы тездейт, жыныс органдары канга толот, көкүрөк же бет терилеринде бир аз кызаруу байкалышы мүмкүн, эки өнөктө тең бирдей окситоциндин деңгээли жогорулайт.

Бирок ага карабастан, аялдын оргазмы эркектердикине салыштырмалуу кыйла эле аз изилденген жана комлекстүү — окумуштуулар аялдардын сексуалдуулугунун өзгөчөлүктөрүнө эркектердикине караганда дайыма аз көңүл бурушкан экен.

Оргазм стимуляцияга, өнөгүңүзгө болгон сезимиңизге, эмоционалдык жана физикалык абалыңызга, этек кир циклинин фазасына жараша туюу сезими жана узактыгы боюнча ар кандай болушу мүмкүн. Кыскача айтканда, оргазмга биз ойлоп да көрбөгөн (а балким ойлонуп көрүш керек беле) көптөгөн сырткы себептер таасир этиши мүмкүн.

Сүрөт: jcomp / Freepik

Биздин дене — бул баштан аяк эрогендик зона. Бирок ал мээбизге жетип келгенде гана иштейт. Оргазмдын «өчүргүчү» менен «жандыргычы» аялдын жыныс мүчөсүнүн ичинде эмес, мээде жайгашкан. Тагыраак айтканда, аялдын оргазмга жетишине биринчи кезекте психологиялык факторлор таасир этет — аял үчүн өнөгү менен канчалык ыңгайлуу, ал өзүн канчалык жеңил сезүүдө, ал өз денесин кабыл алабы-албайбы жана жактырабы же жактырбайбы, ал чарчадыбы же жокпу, аны жеке же жумуштагы жашоосунан бир нерсе тынчсыздандырабы же жокпу ж.б.

Ошентип, секс учурунда аялдардын көпчүлүгүнүн оргазмга жетпей калып жатышы — жашоонун заманбап ыргагын жана көпчүлүк кыздардын алар кандай көрүнүшү же көрүнбөшү керек деген сыяктуу тоодой үйүлгөн стереотиптерди эске алганда логика жеткидей эле нерсе.

Бирок табият аялга ырахат алуу үчүн абдан пайдалуу бир органды бөлүп берген экен — бул клитор (ред. — аялдын жыныс мүчөсүнүн тилчеси). Анда аялга ырахат тартуулоодон башка эч кандай биологиялык функциясы жок. Ошондуктан оргазмга вагиналдык секске караганда клиторду түздөн-түз стимуляциялоо менен жетүү оңой. Ошол учурларда мыкты натыйжа алуу үчүн бул стимуляцияларды айкалыштырса болот.

Бирок кээ бир изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдардын бардык оргазмы, алтургай жыныс мүчөсүн стимуляциялоодон алынган оргазм дагы — клитордук болуп саналат. Клитор бизге сезилгенден да чоң болот. Анын чоң бөлүгү (аны клитордун буттары деп да аташат) уча көңдөйүнүн ылдый жагында жайгашып, жыныс мүчөнү «кучактайт». Ал эми сыртында сексуалдык дүүлүгүдөн чоңоюп кете турган (эркектин жыныс мүчөсүндөй) бөрк гана жайгашкан.

Ошондуктан кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, клитор вагиналдык секс учурунда жыныс мүчөнүн алдыңкы дубалчасына жылып кетүүгө жөндөмдүү, ал эми аял кирүү учурунда алган оргазм негизинен клитордун стимуляциясынан болот.

Оргазмга кантип жетсе болот?

Эгерде сизге жада калса клитор же жыныс мүчөсүнүн алдыңкы дубалчасы жетиштүү стимуляция аган күндө деле бир да жолу оргазмга жетүү мүмкүн болгон эмес болсо, анда бул үчүн эч кабатыр болбой эле койсо болот. Бул кадимкидей эле көрүнүш, дароо эле өзүңүзгө муздактыктын диагнозун коюунун кажети жок.

Биринчиден, аялдардын оргазмы мээде болоорун унутпаңыз — ошондуктан өзүңүзгө жетишээрлик деңгээлде ыңгайлуубу же жокпу, өз денеңизди кабыл аласызбы же жокпу, өзүңүздү келбеттүү деп эсептейсизби же жокпу жана өзүңүздү жакшы көрөсүзбү же жокпу деп ойлонуп көрүңүз.

Мындан тышкары, адамдар дайыма бала чактагы секске байланыштуу травмасынан улам оргазмга жете албай калышат. Мисалы, ата-энелер балдарын жыныс мүчөлөрүн изилдеп же мастурбация кылып аткан учурда көрүп калып (албетте, мунун эч кандай уяла тургудай нерсеси жок), урушуп койгон болушат. Балада мастурбация, секс жана жыныс мүчөлөрүнө байланыштуу ар кандай оюндар — бул уят жана жаман деген сыяктуу ички туюм калыптанып калган болот. Ошондуктан ал жашы жеткен чоң бала болуп турса да өзүнө оргазм алдырбай калат. Бул нерседе секс — бул уят нерсе, ал жөнүндө сырттан айтууга болбойт деген коомдук пикир да жардам бербейт. Мындай маселелерди психотерапевттин жардамы менен чечүүгө болот.

Сүрөт: Hanna Postovaya / unsplash

Эгерде сиз чындап эле абдан оргазм алгыңыз келип, бирок эмнеден баштоо керектигин билбей турсаңыз, анда аны өзүңүзгө мастурбация аркылуу ачып көргөнүңүз барынан да оңой болот. Улябаңыз, коркпоңуз — мастурбация бул уяттуу же жийиркеничтүү нерсе эмес. Тескерисинче, эгер аны чеги менен кылса ал өзүңдүн сексуалдуулугуңду ачуу жана өз денеңди изилдөө үчүн абдан пайдалуу экени далилденген.

Физикалык жактан эле эмес, психологиялык жактан да өзүңүздү ыңгайлуу сезе тургудай жагдай түзүңүз. Эгер клиторуңуз менен тааныш эмес болсоңуз, анда таанышууга убакыт келип жетти. Аны кармап көрүп же күзгү менен өз жыныс органдарыңызды кунт коюп карап көрүп тапсаңыз болот. Клиторду кармап көрүү/карап чыгуу үчүн жыныс мүчөсүнүн эриндеринин арасын ачуу керек — анын бөркү чат дөмпөгүнө жакын, алар биригишкен жерде жайгашкан. Ортоңку манжаңызды жыныс мүчөнүн эриндери ачылып баштаган жерге коюңуз. Акырын басыңыз да манжаңыз менен өйдө-ылдый жүргүзүңүз. Эгер бир аз эластикалык тыгыздалууну сезген болсоңуз — сиз туура жолдосуз.

Өзүңүзгө ыңгайлуу шарт түзүп, денеңизди ыңгайлуу коюп, клиторуңузду тапкандан кийин мастурбацияга кирише берсеңиз болот. Жай кыймылдардан баштап, стимуляциянын күчүн бара-бара күчөтсөңүз жакшы болот. Эгер мүмкүнчүлүгүңүз болсо лубрикант (ред. — майланыштыруучу май) колдонуңуз. Аны менен жеңилирээк жана жагымдураак болот. Денеңиздеги жагымдуу чыңалууну сезе баштайсыз жана ал ар бир кыймыл сайын күчөп турат. Бир убакта ал абдан күчтүү болот да андан кийин кээ бир аялдар сүрөттөгөндөй кичи жарылуу болот — ал дененин эрксиз кыймылы, көздөрдүн караңгылашы, жеңил баш айлануу менен коштолушу мүмкүн. Эгер сизде ушундай болсо куттуктайм, сиз оргазм алдыңыз.

Андан ары стимуляциялардын башка түрлөрү менен эксперимент кылсаңыз болот. Мисалы, вибраторлор, суунун дирилдеп агышы жана башкалар.

Жыныс кыны аркылуу секс учурундагы оргазм

Эгер аял психологиялык жактан секске даяр болбосо, анда клитордун сапаттуу стимуляциясы деле оргазмга алып келбейт. Эгер сизди секс учурунда алаксыткан же кабатыр кылган кымындай эле бир нерсе боло турган болсо, анда толугу менен бошоно албай жана оргазм алуу мүмкүнчүлүгүңүз бир топ төмөндөйт.

Мисалы, эгер сиз жыныстык катнашты үзгүлтүккө учуратууну контрацепциянын каражаты катары колдонуп, дайыма канткенде боюма бүтүп калбайт деп ойлоно берсеңиз, анда албетте толугу менен бошонуп, ырахат ала албай каласыз. Ошондуктан өзүңүздү тынчыраак жана ишенимдүүрөөк сезе алышыңыз үчүн өнөк менен контрацепциянын башка ыкмаларын пайдаланууну сүйлөшүп алуу зарыл.

Сүрөт: jcomp / freepik

Же болбосо мисалы, сизге кандай абалда жыныстык катнашка барып жатканыңыз же дубал артында кошунаңыз же ата-энеңиз уктап жатканы тоскоолдук кылып жатканы жакпайт деп коёлу. Алгач бул тууралуу өнөктөшүңүз менен сүйлөшүп, бул маселени чечип алган соң гана оргазм издөөгө жөнөө керек.

Кээ бир аялдар өз сезимталдыгын катуу өркүндөткөндүктөн, алар денесинин каалаган бөлүгүн стимуляциялоодон оргазм ала алышат. Эгер сиз да ушуну кааласаңыз, бирок азырынча клитордук мастурбациядан гана оргазм алып жатсаңыз, анда бир аз башка жактан киришүүнү сунуштайм.

Сизге да өзүңүз үчүн ыңгайлуу жагдай түзүп, денеңизди ыңгайлуу коюшуңуз керек — бул алмашкыс эреже. Клиторду же жыныс кынынын алдыңкы дубалчасын стимуляция кылып баштаңыз, бирок дененин бул бөлүктөрү менен гана чектелип калбаңыз. Денеңиздеги чыңалуу күч алып жатканын сезип баштаарыңыз менен клиторду стимуляция кылууну токтотуп, өзүңүз үчүн башка эрогендик зона делген жерге өтүңүз — мисалы, эмчектердин үрптөрү. Аларды сылаңыз же эки манжанын ортосуна кысыңыз, андан кийин клитордун же жыныс кынынын алдыңкы дубалчасын стимуляция кылууга кайтып келиңиз. Бул схеманы бир нече ирет кайталап көрүңүз жана көнүгүүнүн аягында аны чынында эле көзөмөлдөй албай калып, оргазм өзүнөн-өзү эле келип калышы толук мүмкүн.

Эмне үчүн мындай болот? Оргазмдан бир нече жолу баш тартуу менен сиз стимуляция учурунда оргазмга алууга даяр болуп калган мээңизди дененин башка бөлүктөрүнө көңүл буруусуна мүмкүнчүлүк түзөсүз. Көнгөн ыкма менен оргазмга жетүүгө далаалат кылбастан, мээ стимуляция учурунда башка, активдүүлүгү азыраак болгон зонаны издейт. Башкысы, мээ сезимдерди жана жаңы эрогендик зоналардын жайгашкан жерлерин жаттап калышы үчүн мындай көнүгүү менен көбүрөөк машыгыш керек.

Бирок эң башкысы: эгер дароо оргазм ала албай калсаңыз, маанай чөктүрүп, менде бир мандем бар деген ойдон алыс болуңуз. Ар кандай маалыматтарга ылайык, аялдардын 50 пайыздан 70 пайызга чейини жыныстык катнаш урунда оргазм алышпайт. Эгер сиз алардын катарында болсоңуз, өзүңүздүн сексуалдык тажрыйбаңызды арттырып көрүңүз — мисалы, өнөктөшүңүз менен жыныс кыны аркылуу кошулууда клиторду стимуляциялоо үчүн титиреткич колдонуп көрүңүз. Жаныстык катнашыңыз кандай болушу керектигин өзүңүз чечүүгө укуктуусуз — ал тууралуу коом эмне деп ойлойт деген пикирлерге жетеленбеңиз.

Андан тышкары, секс оргазмсыз эле болушу мүмкүн, эгер бул сизге жакса. Анткени оргазм — секстин аягындагы керектүү жыйынтыгы эмес жана анын сапатынын көрсөткүчү эмес, болгону десерттеги алчадай эле жагымдуу бонус.

Өз денеңиз изилдегенче, кумардын туу чокусуна чыгыңыз.

Айканыш Эралиева