Өкмөт Ысык-Көл облусундагы уран кени боюнча «ЮрАзиянын» лицензиясын чакыртып алды — Боронов

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Иллюстративдик сүрөт

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде Таш-Булак уран кенине барып, Балыкчы шаарынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Жолугушуу учурунда ал өкмөт «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө лицензиясын чакыртып алганын билдирди. Буга чейин Таш-Булакта уран өндүрүү пландалган эле.

«Уран кениндеги иштер токтотулду. Учурда "ЮрАзия" компаниясы чалгындоо иштерин да жасаган жок. Жер казынасын пайдалануу комитети компаниянын лицензиясын кайтарып алды. Эми алар эч кандай жумуштарды жүргүзө албайт», — деп келтирет Бороновдун айткандарын «Кабар» басылмасы.

Вице-премьер-министр бул чечимдин себебин түшүндүрүп берген жок жана лицензиянын токтотулуп турушу тууралуу расмий документтерди кийинчирээк берүүнү убадалады.

Ал Ысык-Көлдөгү жайкы туристтик сезонду үзгүлтүккө учуратып албоо үчүн жергиликтүү тургундарды 29-апрелден кийин митингге чыкпоого чакырды.

Өкмөттүн жана Өнөр-жай мамкомитетинин басма сөз кызматтарынан «Клооптун» кабарчыларына компаниядан лицензия чакыртып алынганы тууралуу маалыматты тастыктап да, төгүндөп да беришкен жок.

Боронов «ЮрАзиянын» лицензиясы чакыртып алынгандыгын Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак кенинде уран казуу пландалып жатканына байланыштуу митингдер менен жарандардын нааразылыгынын шартында ачыктады. Таш-Булакта уран казууга каршы петиция 27 миңден ашуун кол топтогон.

Митингдерден кийин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Таш-Булак уран кенинде иштерди токтото турууну буйруган. Компаниянын имараттарынын бардыгына мөөр басылып, кызматкерлер уран кенинен чыгарылган.

Өкмөт башчысы уран кениндеги иштердин айлана-чөйрөгө таасирин «дыкат» талдап чыга турган комиссия түзгөн. Анын корутундусунан кийин кендеги иштер улантылып же улантылбасы чечилээри пландалган.

Муну менен кошо парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.