Конституциялык палата: Жогорку сот депутаттардын алдында отчёт берүүгө милдеттүү эмес

Конституциялык палатанын имараты

Конституциялык палата 24-апрелде билдиргендей, Жогорку соттун төрагасы Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзам талап кылгандай парламенттин алдында ар жылдык отчёт берүүгө милдеттүү эмес.

Палата өз чечимин бул талап «Конституцияга каршы келет», «парламенттин үстөмдүгүн орнотот» жана «бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмакты бузат» деп түшүндүрүүдө.

«Сот бийлиги көз карандысыз болушу керек. Сот бийлигинин көз карандысыздыгынын даражасы, анын социалдык жана укуктук табигатын эске алуу менен мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен салыштырмалуу жогору турушу керек, себеп дегенде демократиялык укуктук мамлекетте жогорку бийлик болуп мыйзамдын бийлиги эсептелет», — деп жазат Конституциялык палатанын басма сөз кызматы.

Ошентип анын курамында иштеген палата Жогорку соттун февралдагы кайрылуусун канааттандырды. Кайрылууда Конституцияда соттун төрагасы парламенттин алдында отчёт берүүгө милдеттүү деген жобо жазылган эмес деп айтылган.

Жогорку соттун позициясы менен юрист Фатима Якупбаева да макул. Ал «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Жогорку сот «парламентте өз иши тууралуу ар жылдык отчёт тапшырууга милдеттүү эмес» деди.

Жалпысынан Жогорку сот тарабынан парламентке отчёт берүү акыркысынын ишине өтө деле таасир этчү эмес. Конституцияга ылайык, бардык кадрдык орун алмаштыруулар, анын ичинде Жогорку соттун төрагасын кызматтан алуу жана дайындоону президент аткарат. Парламент болсо президент көрсөткөн талапкерди жактырып же макул болбой коё алат.

Парламент Жогорку соттун судьясын эгер анын жүрүм-туруму кынтыксыз болбой калса кызматтан алып коё алат. Бул учурда судьяны кызматтан алуу үчүн 80ден кем эмес депутат добуш бериши керек болот.