Ак үйдүн алдына митингге чыккандар. 26-апрель. Сүрөт: Эрмек Байсалов / CABAR.asia

Жалпысынан Бишкекте Ак үйдүн алдына 200гө чукул адам келген. Митингчилер уран кендерин жана бул чийки затты Кыргызстандын аймагында казууга толугу менен тыюу салууну талап кылышкан. Митинг бийликтин Ысык-Көлдөгү Таш-Булак уран кенин иштетүү боюнча планынын коомдук талкуусунун шартында болуп өттү.

Митингчилердин көпчүлүгү колдоруна нидерланддык экспрессионист Эдвар Мунктун белгилүү «Кыйкырык» картинасынын стилинде жасалган радиациялык зыянды айгинелеген кагаздарды көтөрүп чыгышкан. «Кыйкырык» — бул айласыздан кыйкырып жаткан адамдын фигурасы.

Уран казуунун айланасында айтылган сын-пикирлердин шартында бийлик кендеги иштерди токтото туруу чечимин чыгарган, ал эми инвестор компания «Борбор азиялык уран компаниясы» Кыргызстанда өз ишмердигин толугу менен токтотуп жатканы тууралуу маалымдаган.

Муну менен кошо парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.