Балыкчыда уран казууга каршы митингге чыккандар нааразылык билдирип Бишкекке жөө жөнөштү

Балыкчыдагы митингге чыккандар. Сүрөт: Асеин Маданбеков / RFE / RL

Уран кендерин жана чийки заттарды иштетүүгө каршы чыккан Балыкчы шаарынын тургундарынын митинги 29-апрелде мэриянын имаратынын алдында өттү. Жалпысынан шаардык администрациянын алдында 200гө чукул адам чогулган.

Мындан кийин митингге чыккандардын бир бөлүгү жөө жүрүш менен Бишкекке жөнөштү — бул тууралуу каршылык акциясынын катышуучусу Майрамбек Осмоналиевге таянып «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Клоопко» билдиргендей, кээ бир митингчилер чын эле Бишкекке жөө кетишкен. Ал канча адам борбого жөнөгөндүгү тууралуу так маалымат бере алган жок.

«Кээ бир катышуучулар Бишкекке жөө жүрүш менен кетишти. Милиционерлер коомдук тартипти сактоону камсыздап жатат. [Митингдин катышуучулары] аягына чейин барабы же жокпу бизге белгисиз», — деди Усубакунов.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистинин Балыкчы шаардык мэриясынан комментарий алууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

Уран казууга каршы митинг

Балыкчынын тургундары Кыргызстанда уран казууга жана иштетүүгө каршы нааразылык акциялары менен бир катар болуп өткөн митингдердин шартында Бишкекти көздөй жөө жөнөштү.

Митингдерден кийин бийликтегилер «ЮрАзия» компаниясынын уран кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү лицензиясы чакыртып алынды деп билдиришкен, бирок бир нече күндөн кийин өкмөт лицензияны жөн гана токтоткондугу тууралуу белгилүү болгон.

Уран казууга каршы онлайн петиция 29 миңден ашуун кол топтогон. Муну менен катар эле парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.