Орусия Кыргызстанга акча которууларды чектеди — бир айда 100 миң рубль

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын акча которуу системалары Кыргызстанга акча жөнөтүү үчүн бир айда 100 миң рублдук чектөө киргизди. Орусиянын Борбордук банкы чектөө коюуну көмүскө операцияларга каршы күрөшүү менен түшүндүрдү.

Орусиянын акча которуу системалары Кыргызстанга акча жөнөтүү үчүн бир айда 100 миң рублдук чектөө киргизди. Орусиянын Борбордук банкы чектөө коюуну көмүскө операцияларга каршы күрөшүү менен түшүндүрдү.

Кыргызстандын Улуттук банкы «Клоопко» маалымдагандай, кыргыз мигранттары көп колдонгон «Золотая Корона» акча которуу системасы Орусиянын Борбордук банкынын сунуштоосу менен 16-апрелден тарта Кыргызстанга акча которуулардын суммасын чектеди.

«Эми кардар бир ай ичинде которо алчу акчанын жалпы суммасы 100 миң рублдан ашпашы керек», — деп билдиришти Кыргызстандын Улуттук банкынан.

Western Union акча которуу системасынын сайтында да Кыргызстанга бир айда 100 миң рублга чейин гана которсо болот деп айтылат.

Кыргызстандын Улуттук банкынын баамында, жеке адамдар акча которуу системалары аркылуу Орусиядан Кыргызстанга орточо эсеп менен 30 миң рубль жөнөтүшөт.

Улуттук банк бул чектөөлөрдү акча которуулар системалары аркылуу товар жана кызмат акыларын төлөгөн ишкерлер үчүн киргизилиши мүмкүн деп эсептейт.

Орусиянын «Ведомости» басылмасы айына 100 миң рубль деген чектөө Кыргызстанга гана эле эмес, Вьетнам менен Кытайга да тиешелүү экенин жазып чыккан. Казакстанга акча которуулардын ченеми 150 миң рубль деп аныкталган.

Contact менен «Золотая корона» төлөө системалары акча которууларга чектөө киргизилгенин «Ведомостиге» ырасташып, бирок себептерин айтышкан эмес.

Басылма өз булактарына таянып, Орусиянын Борбордук банкы мындай жол менен көмүскө операцияларга каршы күрөш жүргүзүүдө деп түшүндүрүп берди.

«Базарларда соода кылган чет өлкөлүк жарандар жеке ишкер катары катталбастан жана юридикалык жак түзбөстөн, ушундай жол менен тапкан накталай акчаларын товарлардын партияларын төлөөгө которушат», — деп жазды басылма.

Мындан ары кыргызстандыктар ири өлчөмдө акчаларды Кыргызстанга өздөрүнүн Орусиядагы банктарындагы эсептери аркылуу гана которо алышат. Бирок бул кызмат кымбатыраак болуп, ал үчүн документтер талап кылынат — бул өз кезегинде Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар үчүн көйгөй болуп эсептелет.

Экономикага таасири

Кыргызстан акча которуулардын ИДПга болгон катыштыгы боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунду ээлейт — алар ИДПнын дээрлик 40% түзөт. Акча которуулардын көпчүлүк бөлүгү Кыргызстанга Орусиядан келет — 2018-жылы кыргызстандыктар мекенине 2,6 млрд доллардан ашуун каражат которушкан.

Акча которуулардан көз каранды болуу кыргыз экономикасы үчүн коркунучтуу. Муну 2014-2015-жылдардагы орусиялык кризис көрсөткөн — акча которуулар азайып, жакырчылык 1,5 пайызга өскөн.

Орусиялык төлөө системалары киргизген чектөөлөр мигранттардын Кыргызстанга которгон акчалардын азаюусуна алып келиши мүмкүн. Натыйжада бул өлкөнүн экономикасына терс таасир тийгизет.

ТЕМА БОЮНЧА: Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт