«Азаттыктын» журналистинин үстүнөн сотко 50 млн сомдук арыз берилди — ага Оштогу «көмүскө бизнес» тууралуу макала себеп болгон

Жалил Атамбаев. «Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот / RFE / RL

«Азаттык» радиосунун редакциясы маалымдагандай, оштук ишкер Жалил Атамбаев иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом моралдык компенсация талап кылган.

Исаков «Клоопко» кандай себептер менен аны сотко беришкени белгисиз экенин айтты. «Азыр мен Оштон Бишкекке келе жаттым эле, жолдомун. Менде учурда толук маалымат жок эле».

«Азаттыктын» редакциясы Атамбаевдин доо арызы Ош шаардык сотуна түшкөнүн маалымдады.

Мындан тышкары, Атамбаев өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөштөрү Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновдон 5 млн сомдон компенсация талап кылды. Анын бул эки өнөктөшү журналисттик иликтөөдө Атамбаевден үйлөрдү куруу үчүн өз үлүштөрүн ала албай келе жатышканын айтышкан.

Маматов батирлерди ал аркылуу сатып алган адамдар Атамбаевден өз үйлөрүнө документтерди ала албай жатат деп даттанган — Атамбаев жөн гана документтерди бербей келет.

«Өзүнүн агасын [Атамбаев] Ош ИИБне арыз менен кайрылтып, арыз жаздартып, менин үстүмөн кылмыш ишин токуткан. [...] Мени каматам деп коркутуп жатат. Каматам дегендей ким ал? Бул Ошто өзүн хан сезип алганынын бир далили да. Жөнөкөй жаран каматам деп айта албайт да?» — деди Маматов.

«Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аталыштагы иликтөөнүн өзүн «Азаттык» 24-апрелде жарыялаган.

Исаков өз иликтөөсүндө Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу тууралуу маалыматтарды келтирет. Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Иликтөө жарык көргөндөн кийин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызмат Исаков айтып өткөн фактылар боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жалил Атамбаев деген ким?

Атамбаевдин өзү тууралуу интернетте маалымат аз. Ал 1965-жылы Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган.

Исаков өз иликтөөсүндө Атамбаевди милициянын отставкадагы полковниги деп айтат. Бул маалыматты Атамбаевдин мурдагы кесиптештери да ырасташат. Атамбаев өзү кабарчынын бул суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле Исаков өз иликтөөсүндө Атамбаев 2009-жылы Ноокат райондук милициясын жетектеп турган кезде милиционерлердин ур-токмогунан жергиликтүү журналист Алмаз Ташиев кайтыш болгонун кабарлаган.

Кийинчирээк, 2014-жылы Атамбаев Ош аэропортуна жумушка өтүп, ал жерден бир жылдан кийин бошоп кеткен. Мындан кийин ал ишкерлик кыла баштаган. Иликтөөнүн авторлору Атамбаевди Оштогу эң бай адамдардын бири деп аташат.

Авторлошу: Аскарбек Мырзабеков