Атабек Абдуллаев мекенине кайтып келди. Швед соту аны теракт даярдоо айыбы боюнча актаган

Кыргызстандык Атабек Абдуллаев Швециядагы бир жылдык кармалуудан кийин мекенине кайтып келди. Ал теракт даярдоо жана аны каржылоо боюнча айыпталган, бирок швед соту ага күнөөсүз деп өкүм чыгарган.

Абдуллаев Бишкекке 30-апрелде учуп келди. Аны Кыргызстанга Польшадан депортациялашкан. Ал Швециядагы соттон кийин качкындар үчүн лагерде болгон.

Ал мекенине кайтып келгенине кубанычта экенин жана азырынча эч жакка кетүүнүн пландабаганын «Клоопко» айтып берди.

«Алла Таала мамлекетке алып келгенине шүгүр. Туулган жердин топурагы алтын дегендей, мамлекетке келгенден кийин кеңири, эркин дем алып калдым. Адамдын жашоосу үчүн эркиндик маанилүү нерсе да», — деп айтып берди Абдуллаев.

Ал үй-бүлөсү үчүн кабатырланып, Ошко кайтып келген соң Кыргызстандын атайын кызматтары суракка алышат деп кооптонуп атканын кошумчалады.

Швециянын коопсуздук кызматы (СЭПО) Абдуллаевди 2018-жылдын апрель айында теракт даярдоо шеги менен кармаган. Ушул эле иш боюнча дагы беш шектүү — Өзбекстандын жарандары менен атуулдары кармалган.

Кармалгандардын үстүнөн сот 2019-жылдын 8-марттында өткөн. Швециянын Солна райондук соту кыргызстандык Атабек Абдуллаевге жана Өзбекстандын дагы эки атуулу Давид Идриссон менен Бахтиёр Умаровго карата өкүмдү 8-мартта чыгарган.

Сот Абдуллаевди теракт даярдоо жана терроризмди каржылоо боюнча күнөөлүү эмес деп тапкан. Кыргызстандыктын адвокаты Кристофер Старэ өкүмдү «фантастикалык жеңиш» деп атаган.

Идриссон жети жылга, ал эми Умаров алты айга эркинен ажыратылган.

Абдуллаев Швециянын банкында эсеп ачуу үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча гана күнөөлүү деп табылган. Бул үчүн аны бир айга камоо өкүмү чыккан, бирок ал жаза мөөнөтүн өтөп койгон, себеп дегенде 2018-жылдын апрелинен тарта камакта болгон.

«Клооптун» редакциясы өкүмдүн текстин изилдеп чыккан. Ал текстте иштин өзү татаал экендиги жана прокуратура тарабынан, айрыкча Атабек Aбдуллаевге карата далилдердин жетишсиздиги тууралуу айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА: