Бишкек: Таякеси жээнин машинага байлап бир нече метрге сүйрөгөн

Ооруканада. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Материал 14:07де жаңыртылды.

Бишкектин милициясы өзүнүн сегиз жашар жээнин машинага байлап, бир нече метрге сүйрөгөн деп шектелген кишини кармады. Кийинчирээк ал үй камагына коё берилди.

Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 27-апрель күнү Бишкектин чет жакасындагы «Алтын Казык» конушунда болгон.

Окуя болгон жерге келген милиционерлер таякеси сегиз жашар жээнин машинага байлап, бир нече метрге сүйрөгөнүн аныкташкан.

«Кактус» басылмасыныны маалыматы боюнча, кармалган адам жээнин чоң апасынын үйүнөн акча уурдаган деп шектеп, «тарбиялоо максатында» аны өз автоунаасына байлап, бир нече метр сүйрөгөн.

Милиционерлер шектүүнү кармап, Бишкектин убактылуу кармоо изоляторуна киргизишти. Бирок кийинчирээк милиция аны үй камагына коё берген.

Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренеси боюнча катталды. Шектүү 2 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же ага 180 миңден 220 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Азыр жеткинчек №3 балдар клиникалык ооруканасындагы нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Милициянын маалыматына ылайык, баланын энеси Орусияга иштөөгө кеткен.