Эгембердиев: Лейлек райондук соту арызымды өндүрүштөн кыскартты

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн кызматтан алынган башчысы Саатбек Эгембердиевдин жумушка кайра кайтуу боюнча арызы райондук сотто 29-апрелде каралмак. Эгембердиев билдиргендей, сот отурумунун ордуна анын арызы өндүрүштөн алынган.

Саатбек Эгембердиев Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчылыгынан 2-апрелде бошотулган. Бирок ал кызматтан мыйзамсыз алынганын билдирип райондук сотко кайрылган. Алгачкы сот отуруму 29-апрелде өтүшү керек болчу.

«Эмнеге сот ишти өндүрүшкө албай койгонун түшүнбөй калдым. Эми эки-үч күндө аныктамасын жиберишет экен. Ошого карап анан облустук сотко кайрылат окшойм», — деген Эгембердиев сот эмне себептен мындай чечим кабыл алганын түшүндүргөн жок дейт.

Ал эми Лейлек райондук сотунун төрагасы Ниязбек Турдалиев айыл өкмөт башчынын арызы сотко келип түшкөнүн «Клоопко» 25-апрелде ырастаган. Эгембердиевдин сот анын ишин өндүрүштөн кыскартканы боюнча билдирүүсүн азырынча Турдалиевден тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Эгембердиев аны Жаң-Жер айыл өкмөтүнүн башчылыгынан алууга аким Баймурат Бекмуратов кызыктар болгонун айтып келет. Аны кызматтан алуу маселеси күн тартибинде жок болгонуна карабастан айылдык кеңештин сессиясында каралган.

Ал эми Бекмуратов мурдагы айыл өкмөттүн айыптоолорун четке кагып, Эгембердиев райондук прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин жумуштан алынганын билдирет.

Жаңы-Жер айыл өкмөтү Саатбек Эгембердиевдин жетекчилиги астында эки жыл мурун дотациядан чыккан. Ал район боюнча мамлекеттик бюджеттен каражат албаган биринчи аймак.

Эгембердиев 2019-жылдын башында президент Сооронбай Жээнбековдун колунан аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн саат менен сыйланган.

Редактор: Элвира Султанмурат кызы